"Эркин-Тоо"

Банан тууралуу кызыктар

Бананды маймылдан кийин эле эң биринчи жолу байыркы Египеттиктер даамын татып көрүшүптүр. Бүгүнкү күндө ар бирибиз эле бананды жакшы көрүп жегенибиз менен анын пайдасы тууралуу биле бербейбиз. Банандын курамы С, В витаминдерге бай жана сасык тумоодон сактап, чарчаганды көп сездирбейт. Бир күндө эки банан жеген адам организмин калий менен камсыз кылып, бир күндүк энергияны топтой алат экен. Норвегиянын окумуштуулары бананды күнүгө жеген адам кан басымы калыбына келип, ага эч кандай дарынын кереги тийбесин далилдешкен. Андан сырткары, бөйрөк, боору ооругандарга банандын жардамы чоң. Медиктер бул жемишти көбүнчө жаш балдарга, улгайган адамдарга көбүрөөк колдонууну сунушташат. Спорт менен машыккан адамдар короткон энергиясын эки банан жеп калыбына келтирсе болот. Банан курамына көптөгөн углеводдорду (сахароза, фруктоза, глюкоза) камтыгандыктан, адам ачка болгондо жесе, абдан тоюмдуу келет. Банан организмдеги углеводдорду калыбына келтирип, жеңил азык катары колдонулат. 100 граммда 90 килокалория камтылган, бирок, майы жок. Андыктан арыктоону самагандар күнүмдүк азыктануусуна аны кошуп коюшса болот. Албетте, башка таттуу азыктарды чектөө менен гана. Анын үстүнө банан тамак сиңирүү үчүн он эки эли ичегинин иштөөсүн жакшыртып, шекер менен майдын сиңишин камсыз кылат. Бананда темир камтылгандыктан аны менен азыктанууда кандагы гемоглобинди көтөрөт. Андан тышкары өз курамына калийди камтыгандыгы боюнча биринчиликте турат. Калий жүрөккө, мээге, сөөк муундарга жана боорго абдан пайдалуу. Банан жеп өз организмибизди 400 миллиграмм калий менен камсыздай алабыз. Бул болсо кан басымынын жогорулашынын, иштөө тартибинин бузулушун, организмдеги туздуу суунун алмашуусун, ашыкча зыяндуу заттарды сыртка чыгарууну нукка салат да, бөйрөк ооруларында колдонулуп, мээни кислород менен азыктандырат.
Баса, банан көбүнчө аялзатына этек кир келгенде пайдалуу. Ошондой эле биринчи жолу эне мээримине ээ болуп, бала эмизип жаткан энелерге күч-кубат керек болгондо, операция болгондон кийин алсыздыкты жеңүүдө таасири чоң. Ошол эле учурда бул жемиш аялзатынын дене-мүчөсүн бир калыпта кармап, ашыкча салмактуулуктан сактайт. Бирок, бир бананда 90 килокалория бар экенин унутпаңыз. Аны көпчүлүк учурда салмак алууда колдонушат. Аны сүт менен кошо колдонууда кылдат болууңуз зарыл. Ошондой эле ачытылган капуста менен кошо пайдаланганда, ички ичеги кислоталардын жогорулап кетишинде жегенге тыюу салынат. Бирок, ошентсе да жер жемиштерге кошуп, салаттарды жасап жесе абдан таттуу жана пайдалуу болот. Эгер сиз кант диабети менен ооруп жүрсөңүз аны жегенге болбойт. Анткени, банандагы кара тактар андагы канттын көптүгүнөн кабар берет. Баса, банан бул мырзалар биринчи кезекте көңүл бура турган азык. Анткени, ал мырзаларга энергияны берет. 30 мүнөттөн кийин канда жетишээрлик глюкоза пайда болуп, активдүү боло түшүшөт. Ал потенцияны көтөрүүдө чоң роль ойногон азыктардын катарына кирет, калийдин булагы болуп эсептелип, жүрөккө, мээге, сөөк-муундарга, тишке, эң негизгиси булчуңдарга берген таасири чоң.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!