Кыргыз Республикасында учурда 23 коммерциялык, 600гө жакын банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар иш жүргүзүшөт. Аларга микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар, агенттиктер жана кредиттик союздар кирет. Бул финансылык уюмдардын баары элге кредит берүү менен гана иш алып барышат. Статистикалык маалыматтарга караганда, мындан 3 жыл мурда да калкка микрокредиттерди берүүнүн камтуу деңгээли калктын 1000ине 76 адамды түзгөн. Ал эми банктан ири кредит алгандардын, айыл чарбасы үчүн берилген жеңилдетилген насыяларды, товардык кредиттерди, лизингдерди алгандардын так санын табууга мүмкүн болгон жок.
Статистикалык комитеттин эсептөөлөрү боюнча 2019-жылдын 9 айында банктар жана финансылык-кредиттик уюмдар тарабынан 105,9 млрд сом суммасында кредиттер берилген. Андан бери кредит алуучулардын катары бир топ көбөйгөн. Алардын кредиттерди кайтаруу маселесине келсек, насыячылардын 5 пайыздан ашыгы карызын кайтара албай убара тартышат.
Ошол насыясын кайтара албай убара тарткандардан 10дон ашык аял өткөндө Чүй облусунун Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алып, колдоруна бензин куюлган идиштерди кармап, өзүн-өзү өрттөйбүз деп коркутушту. Алардын талабы аткарылып, премьер-министр өзү акциячылар менен кезигип, абалына кулак салды. Бирок, ушул акция өтөөрү менен дагы башка нааразы тараптар митинг уюштурушуп, ипотека алган жарандар да өз талабын айтып чыгаарын расмий билдирди. Бул өлкөдө кредит алуу жана аны кайтаруу маселесинде чоң көйгөй жаралгандыгынан кабар берет.
Биз коомчулукка бул окуя жүз бергенден кийин Улуттук банкка кайрылып, кредиторлордун укуктары боюнча бир нече суроо узаттык.
Эгер кардар күрөөгө турак жай коюп, кредитинин канча бир пайызын төлөп бүтсө, ал күрөөсүн башка күрөөгө алмаштырууга укугу барбы?
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик документтерине ылайык (“Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо) кредиттин негизги суммасынын 50 пайызынан көбүрөөгү төлөнгөн болсо, МФУнун ички документтеринин талаптарына ылайык жана МФУнун макулдугу менен коюлган күрөөнүн ордуна наркы кредит боюнча калган сумманы жапкан башка күрөөнү сунуштоого кардарлардын укугу бар. Ошону менен аталган чараларды эки тараптын (кардар жана МФУ) келишиминин негизинде гана ишке ашырса болот. Күрөөнү каттоо, күрөөнүн түрлөрү жана күрөө менен иштөөнүн негизги талаптары “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган.
Бул Улуттук банктын бизге берген расмий жообу. Банктардан насыя алган карапайым элдин басымдуу бөлүгү мына ушул мыйзамдын бар экендигинен кабары жок. Кредит алгандарда “Күрөөгө коюлган мүлкүн кредиттен чыгарып алсам”, –деген эле ой жашайт. Ал эми мыйзамдар тарабынан берилген укуктарын пайдалана билишпейт. Ачыгын айтканда банктан, МФУлардан насыя алгандарга бул укуктары бар экендиги туурасында айтылбайт.
Микрокредиттик компаниялар коммерциялык банктар менен кызматташабы же өз алдынча иштейби?
Микрофинансылык уюмдар өз ишин «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу ыйгарылган укуктарынын чегинде өз алдынча уюштурушат жана жүзөгө ашырышат. Ошол эле учурда микрокредиттик компаниялар ишин аткаруу үчүн коммерциялык банктар менен кардар жана өнөктөш катары кызматташат.
Кредит алган жарандар микрофинансылык уюмдардын кээ бир коммерциялык банктар менен өнөктөш катары иштегенинен да кабары жок. Алар өнөктөш катары ортомчулук кызматты да аткарышып, кредит берүүдө пайыздык чендерди өздөрү аныкташып, эң бийик 36 пайыздык чен менен элге кредит берип келишет. Мисалы, микрокредиттик компания бир коммерциялык банк менен өнөктөш болот да ага кардар таап келип берет. Банк микрокредиттик компанияга орточо салмактанып алынган номиналдык чен деп таанылган 16 пайыз менен кредит берет. Ал кредитти МКК кардарына 24, 28 же 36 пайыз менен кредит катары берет. Бирок, ММК кардарынан күрөө талап кылбайт.
ЕВРОПАДА 3 ПАЙЫЗДАН АШКАН ҮСТӨК ЖОК
Европада аналитиктердин айтымында калк кредиттик карточкаларсыз жашашпайт. Өнүккөн өлкөлөрдө деле кредит маселеси курч. Бирок, насыяларынын үстөк пайызы 3 пайызга да жетпейт. Бул элдин турмушун жакшыртуу үчүн каралган негизги чаралардын бири. Ал тургай европалык, америкалык студенттер ЖОЖдорду кредитке аякташып, кийин айлык акыларынан бөлүп-бөлүп төлөө жолу менен насыясынан кутулушат.
СҮТКОРЛУК
Шарияттын мыйзамдары кредитти арам деп түшүндүрөт. Аны алууга, берүүгө да болбойт. Бирок, жашоо шарт ага жол бербейт. Шарият тыюу салганы менен мыйзам жол берген кредиттен азырынча эч ким баш тартып да кете элек. Ал ортодо кредиттин түрлөрү пайда болуп, насыя алуу кадимки көрүнүшкө айланып барат.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА