"Эркин-Тоо"

Бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилди

Бишкекте учурда бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилди. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагынын» башчысы Уран Райымбеков билдирди.

Анын айтымында, бардык турак үйлөр, ошондой эле 63 саламаттык сактоо мекемеси, анын ичинде бардык төрөт үйлөр, 84 бала бакча жана 54 мектеп жылытуу системасына кошулду.

«Бардык социалдык объекттер жана 59 ири объект жылуулук жана ысык суу менен камсыздалды. Азыркы учурда система Бишкек шаарынын ЖЭБи тарабынан берилген факты боюнча параметрлерге ылайык иштеп жатат», — деди ал.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!