"Эркин-Тоо"

Бардык дүкөндөр кумшекер менен камсыздалат

 Министрлик жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Өлкөдө кумшекердин жетишсиздиги жана баалардын жогорулашы боюнча Айыл-чарба министрлиги билдирүү жасады. Мекемеден кабарлашкандай, республикада кумшекер жетиштүү, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Маалым болгондой, 27-майда Бишкектеги гипермаркеттер чекене сатуу үчүн 50 тонна кумшекер алышты. Ошондой эле кичинекей сатуу пункттарына да жеткирилди. «Учурда азык-түлүк текчелерин керектүү көлөмдө кумшекер менен толтуруу боюнча иш жүрүп жатат. «Кайыңды-Кант» заводу чийки заттын жоктугунан кант өндүрүү боюнча иштерди бир нече күн аткара албагандыгын маалымдайбыз. Бул Орусиянын деңиз портундагы чек аранын жабылышына байланыштуу болгон. Бирок маселе чечилип, чийки заттын керектүү көлөмүн завод кабыл алып, кечээтен баштап кант өндүрүлө баштады. Бүгүн жана эртең бардык дүкөндөр кумшекер менен камсыз болушат. Эскерте кетсек, канттын 1 килограммы үчүн 79 сом өлчөмүндөгү социалдык баа белгиленген. Эгер сиз 1 килограммдан ашык сатып алууну пландаштырсаңыз анда баасы 85 сомду түзөт.  Азыркы учурда кантты Кыргызстандын чегинен тышкары экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө токтомдун долбоору демилгеленүүдө. Мындай чектөө күчүндө, бирок кантты ЕАЭБдин чегинен тышкары чыгарууга болбойт», — дешет басма сөз кызматынан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!