"Эркин-Тоо"

БАРПЫ ЖАЗГЫЧ АКЫН БОЛГОН…

Азербайжандын маданий борбору Шуша шаарында өткөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун кыркынчы Туруктуу Кеңешинде улуу акын, философ, жүрөгү менен дүйнөнү көргөн кыргыздын залкары Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси 2024-жылы жалпы түрк дүйнөсүндө өткөрүү чечими кабыл алынганы боюнча кабарыбыз бар. Атактуу Барпы акындын бай мурасын түрк дүйнөсүнө таанытуу максатында 10 пункттан турган иш-план расмий бекитилип, 2024-жылы февраль айында Түрк дүйнөсүндө өтүүчү мааракени салтанаттуу өткөрүүнүн ачылышы Түркиянын Анкара шаарында Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев жетектеген ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун штаб-квартирасында старт алганы абдан кубанычтуу кабар болду. Анткени Барпыдай акыны бар, аны дүйнө коомчулугуна шардана даңазалаган эл – бактылуу эл!

Мааракенин иш-планынын 4-пунктунда расмий бекитилген Барпы  Алыкуловдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференциялардын түрк мамлекеттеринин Жогорку окуу жайларында өткөрүлүп жатканы жүрөк сүйүнтөт. Мында Барпынын Бейиштин эшигиндей болгон бай мурасын Түрк дүйнөсүнө таанытуу үчүн сегиз эшигинин болгону бир гана эшиги ачылды деп айтсак болот. Калган жети эшигин ачып дүйнөлүк алкакта окурман журтуна “Бейиштин төрүн” көрсөтүү келечекте адабиячылар менен илимпоздордун озуйпасы деп билебиз. Мен адабиятчы же атайын илим артынан сая түшүп “ийне менен кудук казып” изилдеген илимпоз эмесмин. Барпы апыздын бай мурасын сүйүп окуган окурман катары анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы буга чейин айтылбай, күмөн жаратып келген бир өзөктүү маселеге жалпы коомчулуктун назарын бургум келип турат.

Биз, чыгармачыл инсандарды бир урууга же болбосо республиканын кайсы бир аймактык бөлүгүнө таандык деп караганды башынан адат кылып алгандайбыз. Чыныгы орошон таланттарды акыр-чикирден ажыратып, анын улуулугун таанып, уруунун же аймактын уул-кыздары эмес, улуттун, бүтүндөй кыргыз элинин, жалпы адамзаттын руханий баалуулугу экенин моюнга алып, кокту- колотко, уруу-урууга бөлүнүп майдаланбай улут катары сыймыктанганды калыптандыруубуз кажет. Барпы өзүнүн алган илиминин алкагында өз чыгармаларын Абулькасим Фирдоуси, Омар Хаям, Жалаладдин Руми, Юнус Эмре, Саади Ширази, Кожо Хафиз, Мир Алишер, Кул кожо-акмат Ясавийлер баштаган Чыгыш классикалык философиясынын ири өкүлдөрүнүн бийиктигине көтөрүп чыга алган десек жаңылышпайбыз.

Болгону жогоруда аталган дүйнөлүк алкактагы алп таланттар өзүлөрүнүн мамлекети, жалпы эли тарабынан колдоого алынып, чыгармалары башка тилдерге учурунда которулуп дүйнөлүк даражага көтөрүлүп, Перс, Арап жана Түрк элдери ушундай улуу ойчулдары бар түптүү эл деген түшүнүктү дүйнө коомчулугуна далилдей алышкан. Эгер Барпынын философиялык санат-насыят ырларын чет тилдерге жеткиликтүү которуп жайылта алсак, кыргыз элинин дагы да аброю артып, анын чыгармалары аркылуу элибиздин кеменгерлигин, ошол кеменгер элдин ичинен чыккан Барпыдай таасын таланттарыбыздын улуу ойчулдугунун негизинде ой жүгүртүү алкагы ченемсиз, дүйнө таанымы бийик эл экенибизди дааналап эми бир жолу далилдейбиз.

Биз Барпы Алыкуловдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө сөз баштаганыбызда эле – Барпынын жакыр үй-бүлөдө туулуп өскөнүн, эс тарткандан баштап эле Назар бай баш болгон Сузактын байларына жалчы-малчы болуп, малайлыкта күн өткөрүп келгенин, анан ошол башынан кечирген азап-тозокту элге ырдап чыкканын, андан ары ашыктык ырларын тизмектеп келип “Мөлмөлүм” менен чектелебиз. Ал махабат ырларын Чыгыштын классик шайырлары жеткирген бийик деңгээлде ырдаган уникалдуу, кайталангыс талант экенин негедир дале жалтактап айта албай келебиз. Океандай философиялык ойлор камтылган терме-санаттарына, айтыштарына бейиши болгур Кадыркул Даутовдон башка дээрлик адабиятчылар да, илимпоздор да жакшылап маани бербей келгени байкалат. Мындай жагдайды көргөн адамда Барпынын он сегиз миң ааламды алаканына салып ырдаган асыл чыгармалары жеке эле Кадыркул Даутовго керек беле же Барпы Сузактагы Төөлөс уруусунун эле акыны болгонбу? – деген суроо жаралат.

Анан да Барпыны көзү азиз эле дейбиз, В. И. Ленин жетектеген Октябрь революциясынан кийин бай-манаптардын эзүүсүнөн эркиндикке чыгып, Жеңижок, Калмырза, Эшманбет, Токтогул сыяктуу залкар акындарга жолугуп, алар менен беттешип, сукбат куруп, сабак алып, мына ошолордун таалим-тарбиясынын негизинде көөнөрбөс бай мураска ээ болгон төкмө акын деп, аларга шакирт кылып берүү менен өмүр-баянын жалпылап жыйынтыктайбыз. Жакшылап саресеп салып карасак кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын өзөгүн түзгөн төкмө акындарыбыздын арасынан жалгыз гана Барпыга Апыз (Хафиз) деген наам ыйгарылганын көрүүгө болот. Ал өзү да ырларында өзүнүн Апыздыгын даңазалап, далилдеп өткөн учурлары кездешет. Апыздын “Барнайым” деген ырына көңүл бөлсөк:

 

БАРНАЙЫМ

“…Барнайым – асман,

Мен – жапыз.

Барнайым – дастан,

Мен – апыз…”

Википедиядан алынган материал – эркин энциклопедия

Хафиз (арабча: حافظ‎ «жаттап үйрөнүүчү; сактоочу») — Куранды жатка билген сактоочу. Куранды толугу менен жатка билгени үчүн ал руханий класстын мүчөсү деп эсептелген мусулман.

Материал из Википедии — свободной энциклопедии

Хафи́з (араб. حافظ‎ причастие «учащий наизусть; охранитель») — хранитель Корана, запоминающий его наизусть. Мусульманин, причисляемый к духовному сословию ввиду знания всего Корана наизусть.)

– Куранды жаттап хафиз болуу үчүн канча убакыт керек?

– Бир да күндү өткөрүп жибербөө абдан маанилүү. Ибадаттарда эс алуу күндөрү жок. Такыр убактыңыз жок болсо, жок дегенде, күнүнө 3-5 сап окуп үйрөнүңүз. Үзгүлтүксуз аракетте болсоңуз инша Аллах 5 — 6 жылда хафиз боло аласыз.

– Сколько времени нужно чтобы стать хафизом Корана?

– Очень важно не пропускать ни одного дня. В поклонении нет выходных. По крайней мере, если у вас совсем нет времени, выучивайте по 3-5 строчек в день. Если вы будете последовательны, инша Аллах, вы сможете стать хафизом в 5 — 6 лет.)

Биз буга чейин кандайдыр бир аргасыз себептерден улам, Барпы – Апыздын кат тааныганын, Куранды толук жатка билгенин, Курандын сактоочусу, илимдүү инсан болгонун айткыбыз келбей жашырып жүргөн жокпузбу?! Барпынын, “Күн”, “Жер”, “Аккан суу”, “От”, “Шамал”, “Адамзаттын балдары”, “Адам”, “Адамга берген өнөр ила”, “Ажал”, “Пайгамбарлар жана олуялар кысасы”, “Дүйнө сен”, “Жар жыгылса суу бөгөйт…” деген философиялык терме-санат ырлары анын Куранды толук окуп, жатка билген илимдүүлүгүнөн келип чыккан эмеспи. Мисалы “Күн” деген ырынын ким каалаган жерин алып окуп көрсө болот. Анткени ар бир сабында илимге негизделген философиялык терең маани камтылган:

 

КҮН

“…Миң-миңдеген кылымга

Айта келсек чынында,

Жалгыз өзүң күбөсүң.

Замандар өттү сен калдың,

Адамдар өттү, сен калдың.

Өлбөстүккө ашкере

Түркүксүңбү бир өзүң?

Бүт кубатын нур чачып,

Жерге берген – чыккан Күн.

Мээримиң эң сонун

Элге берген – чыккан Күн.

Сени кошуп ырдадым,

Ашкерелеп сырларың.

Калар бекен калкымда

Азбы, көппү ырларым.

Канат кылып өзүнө

Карыбас Күндүн нурларын?..”
А Барпы жөнүндө айта келсек чынында миң-миңдеген кылымга ой жүгүрткөн улуу ойчул, аалам курулушунун сырларын чечмелеп, ачып берген даанышман санатчы. Ой жүгүртүү алкагы чексиз ааламды багынтырган Барпыдай илимдүү талант Орто Азия элинде сейрек кездешет. Апыздын жерди кантип ырдаганын биз колубузга тийген жеринен үзүп алып мисал келтирели:

ЖЕР

“…Жандуу менен жансызга,

Алдуу менен алсызга,

Ысык менен ызгаарга,

Ыраактагы муздарга;

Айбан менен адамга,

Ар пуркалуу заманга;

Өлүм менен өмүргө,

Чындык менен төгүнгө;

Кумдар менен сууларга;

Купуя менен чууларга;

Жакшы менен жаманга,

Адал менен арамга;

Караңгы менен жарыкка,

Карыбаган тарыхка –

Эне болот улуу Жер!

Эге болот сулуу Жер!..” Кыргыздын дагы кайсы акыны Эне жерди ушинтип кеңири масштабда иликтеп, жерди нагыз энелик даражага чейин көтөрүп ырдай алган?! Жер эне менен кыргыз элинин чыгармачыл чөйрөсүндө эң алгачкылардан болуп Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинде Толгонай эмес, Барпы – Апыз өз терме-санат ырларында жуурулушуп, сырдашканын эмнеге айтпайбыз? Андан ары “Аккан суусунан” туш болгон саптарды үзүп алып карап көрөлү:

 

АККАН СУУ

“…Жайы кышы мал ичип,

Семиз болгон, аккан суу.

Барган сайын көбөйүп,

Деңиз болгон аккан суу.

Деңиз суунун бетинде

Кайык жүргөн, аккан суу.

Арасында буластап

Балык жүргөн, аккан суу.

Түрлүү жандар ичинде

Анык жүргөн, аккан суу.

Жээгинде жекендер

Ойноп жүргөн, аккан суу.

Өрдөк, чүрөк тукумдап

Жойлоп жүргөн, аккан суу…” Суунун алдындагы жан жаныбарлардан турган өзүнчө бир ааламды, Деңизди, анын үстүндө жүргөн кайыкты бу кат тааныбаган, бай-манаптарга малай болуп жүргөн көзү азиз Барпы каяктан билген, – деген суроо эмне үчүн жаралбашы керек? “Аккан суу”, дегенде ырчы-чоорчу, угарман журту чогулуп Жеңижоктун “Аккан суусу” менен чектелип, укмуш деп кол чаап, шыпшынып отуруп калабыз. Аккан сууну андан да терең ырдаган Барпы – Апыз деген бар экен го. Анын “Аккан суусун” алып чыгып элге жайылтууга эмне үчүн ырчы, жамакчылардан эч ким чыгынбай келет?! Ары карай “Шамалын” окуп көрөлү:

 

ШАМАЛ

“…Деңиздин суусун терметип,

Көрбөгөндү көрсөтүп

Тоодой толкун түзөсүң.

Толкун менен кошулуп

Жээкти келип сүзөсүң.

Толкун кайтат артына

Бүтүрүп алып мүдөөсүн.

Төгүлбөстөн, сынбастан

Кетесиң кайда сен өзүң?

Кылыч менен чапса да,

Мылтык менен атса да

Бөлүнбөйсүң, шамал сен.

Дүрбү салып көрсө да,

Мерген болуп өңсө да,

Көрүнбөйсүң шамал сен.

Оңунан жүрсө – таң аткан,

Орунсуз жүрсө – түн баскан.

Оомал-төкмөл шамалдын

Чыккан, барган жерини

Издеген менен ким тапкан…” Бул эмне деген чексиз алкактагы ой жүгүрткөн өзгөчө феномен?! Шамалды мындан артык дагы кайсы дүйнө элдеринин акындары ырдай алды болду экен? Мына бул бийиктиктерди салыштырып иликтеген илимпоздор барбы? Эгер болсо оюңуздарды ортого салсаңыздар жакшы болор эле. Караңызчы, Отту кантип ырдаган:

 

ОТ

“…Булутка булут жабышса,

Булутка булут кагышса –

Жарк-журк этет чагылган.

Жарып өтөт асманды

Жалынга окшоп жагылган.

Дүбүртүнө чыдабай,

Түңүлөсүң жаныңдан.

Опурталдуу болсо да,

От ошондон табылган…” Бул жерде светтик илимпоздор физиканын законун ойлоп таап баш катырып отургуча эле, Барпы оттун келип чыгышын өзүнүн алган илиминин даремети менен чечмелеп ырдап бүтүп койгон эмеспи?! Деги эле адабияттын негизги предмети болгон Адам жөнүндө эмне деп ой жүгүрткөнүн карап көрөлүбү?

 

АДАМ

“…Ыймандуу адам – чырагым,

Ыбаадат, сажда кыламын.

Ыкылас коюп бул ишке

Ыр аркагын чубадым.

Ыдыратпай бир сөзүн,

Ырды ырга уладым.

Ырас айтпай, калп айтсам,

Ырга жетсин убалым.

Адам деген күлдүргүч,

Адам деген бүлдүргүч.

Адам деген кыйраткыч,

Адам деген ыйлаткыч.

Адам деген бүтөгүч,

Адам деген түтөгүч.

Адам менен, ыр да бар,

Адам менен чыр да бар.

Адамзаттын өзүндө

Ачыла элек сыр да бар.

Алыкулдун уулунда

Адамдарга карата

Айта турган сын да бар…” текстти толук окуп чыккан адамга Барпы түпкүлүгүндө адам эмне деген биологиялык жандык экенин, анын ак-карасын толук тааный ала турган мүмкүнчүлүктү түзүп кеткен. Андан ары караңыз “Ажалды” кантип ырдаган:

 

АЖАЛ

“…Пармана болуп айланып,

Башыңда жүрөт бул Ажал.

Кабагыңдын ортосу –

Кашыңда жүрөт бул Ажал.

Иче турган дайыма

Ашыңда жүрөт бул Ажал.

Жаны бирге дос эмес,

Касыңда жүрөт бул Ажал.

Орозгериң ордосу –

Түнөктө жүрөт бул Ажал.

Өмүрүңдүн өлчөмү –

Жүрөктө жүрөт бул Ажал.

Чапаның болуп жармашып,

Жонуңда жүрөт бул Ажал.

Баса турган күнүгө,

Жолуңда жүрөт бул Ажал…” деп ажалдын улуктугун абдан кылдат сыпаттап, өмүр менен өлүмдүн өзөктүк байланышын тереңинен ачып берген. Андан ары Пайгамбарлар жана Олуялар жөнүндө эмне деп ырдаганына назар салалы:

 

ПАЙГАМБАРЛАР ЖАНА

ОЛУЯЛАР КЫСАСЫ

“…Айткым келди далилдеп,

Алланын ысмы – шарибин.

Алдым дилге жат кылып,

Ысмы изаттин каримин.

Жалгыз өзүң улуксуң.

Жаныңда жок шеригиң.

Он сегиз миң ааламды

Орду менен жараттың!

Ошолордун баарысын

Өкүмүңө караттың.

Эзелки Адам атадан

Адамзатты тараттың.

Жан-жаныбар макулук,

Жардыгыңа көнмөкчү.

Айланып ажал келгенде,

Аттиң ай, Азиз пандаң өлмөкчү.

Бисмилла деп баштамак,

Бир кудаанын жардыгын.

Билгизген адил Куранда

Бизге шонун бардыгын.

Абалкы Адам атадан

Журттуу кылдың бабаны,

Журт ошондон тарады…” Мында Апыз Курандагы Пайгамбарлар менен Олуялардын башынан өткөргөн тарыхына токтолуп, Курандын негизинде айтылган хадистерден тарта жалпы Ислам маданиятынан канчалык даражада кабардар экендигин таасын көрсөтүп, өзүнүн уламалыгын, апыздыгын жана да чыныгы ойчулдугун далилдеген.

Ал эми Дүнүйө жөнүндө эч кимдикине окшобогон уникалдуу оюн айтканын төмөнкү ырдан толук карап көрүңүз. Бул ырды толук берүүнү туура көрдүк, анткени кыска ырга адамзаттын жашоо образын толугу менен батырып, оптимизм менен пессимизмден, ый менен күлкүдөн турган бу оомал-төкмөл дүйнөдөгү пенде баласынын турмушу дүнүйөгө кандай байланыштуу экенин так, даана көрсөтүп берген:

 

ДҮНҮЙӨ

“Келериңде, дүнүйө,

Көл мелтиреп толгондой.

Кетериңде, дүнүйө,

Көздү чукуп ойгондой.

Келериңде, дүнүйө,

Сууну арыкка бургандай,

Төрүңдө жолборс тургандай.

Кетериңде, дүнүйө,

Арыктын суусун тарткандай,

Жолборсту капкан чапкандай.

Келериңде, дүнүйө,

Авадан алтын куйгандай.

Сарайыңдын ичинде,

Сандаган пулуң тургандай.

Кетериңде, дүнүйө,

Төөнү чымын кыргандай.

Келтирип салган сарайың.

Чалдыбар болуп тургандай.

Келериңде, дүнүйө,

Калыпка күмүш куйгандай,

Кашыңда чолпон тургандай.

Кетериңде, дүнүйө,

Калыбың жерде сынгандай,

Чолпонуң качып жылгандай.

Келериңде, дүнүйө,

Коктуга коюң толгондой.

Кооздоп салган коргондой.

Кетериңде, дүнүйө,

Коюңду бөрү кыргандай

Коргонуң жалаң тургандай.

Келериңде, дүнүйө,

Жибектен соккон килемдей,

Казаның кайнат шилендей.

Кетериңде, дүнүйө,

Килемди душман баскандай,

Шиленди шилеп чачкандай.

Келериңде дүнүйө,

Тулпарды сылап чапкандай

Шумкарды сындап баккандай.

Кетериңде дүнүйө,

Тулпарың сулап жаткандай,

Шумкарың сызып качкандай.

Келериңде, дүнүйө,

Тел жорго менен сур жорго

Жол талашып тургандай,

Актуйгун менен карчыга

Жем талашып тургандай.

Кетериңде, дүнүйө,

Тел жорго тентип калгандай.

Сур жорго сулап жаткандай.

Актуйгун менен карчыга

Колуңдан чыгып качкандай.

Келериңде, дүнүйө,

Күмүштөн дубал ургандай,

Чырагың жанып тургандай.

Кетериңде, дүнүйө,

Дубалың көчүп жылгандай,

Чырагың өчүп сынгандай.” Дүнүйө жөнүндө кимдер гана ырдабаган? Бирок эч ким Барпычалык таасын баа бере алган эмес! “Жар жыгылса суу бөгөйт” деген ырына көңүл бөлсөк:

 

ЖАР ЖЫГЫЛСА СУУ БӨГӨЙТ

“…Табыт атты саздатып,

Токуп коёт бир күнү.

Жаназаңы молдолор

Окуп коёт бир күнү.

Алты карыш бөз көйнөк,

Кэпин болот бир күнү.

Калганына замана,

Акыр болот бир күнү.

Көмгөн жерге чөп чыкпай,

Такыр болот бир күнү.

Аягыңдан чырмалтып,

Бууп коёт бир күнү.

Алты кесе суу менен

Жууп коёт бир күнү.

Төгөрөтүп чырмалтып,

Бууп коёт бир күнү.

Алты кетмен топурак,

Айван оёт бир күнү.

Алты карыш бөз менен,

Алты азамат апарып,

Жерге коёт бир күнү.

Жети кетмен топурак,

Жерден оёт бир күнү.

Жети карыш бөз менен,

Жети азамат алпарып,

Жерге коёт бир күнү.

Жанына алып кезектеп,

Тизип коёт бир күнү.

Жан күйөрүң көңүлүн

Үзүп коёт бир күнү.

Капа алып кезектен,

Тизип коёт бир күнү.

Кыз-келиниң көңүлүн,

Үзүп коёт бир күнү.

Босоголуу боз үйүң,

Боз чалдыбар бир күнү.

Босогосуз кара жер,

Боз сарайың бир күнү.

Керегелүү ак үйүң,

Кең чалдыбар бир күнү.

Керегесиз кара жер,

Кең сарайың бир күнү…” Мындан адамдын жан дүйнөсүн тазалыкка, аруулукка, адеп-ахлакка, ыймандуулукка үндөп, багыт берген “Суфизм – Тасаввуф” мектеп институтун көрүүгө болот. Адамзаттын дилин тазартып, ыйманга, аруулукка, топуктуулукка, калыстыкка, акыйкатыкка чакырган, ошон үчүн тынымсыз күрөшүп өткөн нукура элдик таалимчи-педагог гана мына ушинтип ырдай алат. Мындан бузулбаган нагыз Тасаввуф – Суфизмдин көрөңгөсүн көрүүгө болот. Анан да Барпы – Апыз башка акындарчасынан керт башынын арманын айтып, ичиндеги өксүгүн сыртка шилеп ырдабаптыр. Ал да пенде катары кайгы-касиретке кептелген. Бирок аны орчундуу көйгөй катары кабыл алып, ырга салган эмес! Анын улуулугу да мына ошондо жатат.

Барпы Апыздын Арка – Анжиян ырчылары менен беттешип айтышкан айтыштарына токтолсок:

 

ТААРЫНЫЧ

Кыргыз ССРинин борбору Фрунзе шаарында 1936-жылы октябрда чыгармачыл адамдардын биринчи олимпиадасы болот. Ага Кыргызстандын булуң-бурчунан өнөрпоздор келишет, Москвадан Затаевич деген өкүл келип катышат. Ошондо үч күн кечигип келген акын Алымкул сахнага чыгып, олтурган улуу-кичүүнүн атын атап саламдашып, наристе баласы чарчап калганын, ошол себептен кечигип келгенин айтып ырдайт. Ошондо ысмы аталбай калган Барпы мындай деп кайрылат:

 

“Ой, Алымкул чырагым,

Аман болсун чырагың.

Убакты жетип күн бүтүп,

Учкан экен тынарың.

Өзүң деле баласың,

Өкүнүп тартпа убайым.

Көпүрөң ооп Алымкул,

Көлгө кеткен турбайбы.

Көк шумкарың айланып,

Чөлгө кеткен турбайбы.

Жети атаң барып тынч алган,

Жерге кеткен, турбайбы.

Боору бүтүн, башы эсен,

Болбойт экен адамда.

Айтканың оор сөз болду,

Аралаштырып саламга.

Каза шумкар жем жесе,

Канатын канга тийгизбейт.

Кайраты бар азамат,

Кайгысын элге билгизбейт.

Эки ага-ини кишинин —

Бири – кедей, бири – бай.

Эки жилик эт жесек,

Бири – каргыш, бири-май.

Жанаша эки өзөндүн,

Бири – токой, бири – сай.

Жашыба жаман адамча,

Жаратылыш ушундай.

Осмонкул менен Калыкты

Оозуңа алдың да,

Олтурган төрт, беш чал барбыз,

Бизди унутуп калдың да.

Ниязалы, Бекназар,

Шапак турат алдыңда,

Топ жыйында жолукса,

Токтогул берчү саламды.

Токтогулдан чоңсуңбу,

Тоготподуң агаңды.

Калк алдында жолукса,

Кадырлап өзү кол берип,

Калмурза айтчу саламды.

Калмурзадан чоңсуңбу?

Карабадың агаңды.

Көөлү көмүр өчүрүп,

Көөп жүргөн чагымда;

Көрүнгөндүн кыздарын

Өөп жүргөн чагымда;

Паризаттардын тобуна,

Барып жүргөн чагымда;

Белегиме бет аарчы,

Алып жүргөн чагымда;

Саадагым чаян чок беле,

Санатым сенче жок беле?

Жоолугум чаян чок беле,

Жолуң болгон Алымкул

Жомогум сенче жок беле?

Барпы деген мен элем,

Балдар, мен кимден кем элем?

Арка, Анжиян ырчыңдын,

Алдыңкысыга тең элем.

Калык иним сен айтчы,

Кайсы акындан кем элем?..” деп чынында кайсы акын Арка – Анжияндын алп таланттары чогулуп, Орусиянын көзөмөлү алдында өтүп жаткан зор жыйында өзүнө өзү таасын баа берип, ишенимдүү чыга алат эле. Өзүнө ишенген балбан абсолюттук жеңиш үчүн ишенимдүү спорттук күрөш килеминин үстүнө чыгып, элди түрө тиктеп, сыдыра карап күрөшүүгө атаандаш чакырганга барабар го бул жагы.

Барпынын айтыштарынын ичинен Жеңижок менен болгон айтышына назар салып көрөлү:

 

Жеңижок:

“…Карала напти жибек тон,

Кийип келдиң Барпы ырчы,

Казысы карыш ала тай,

Минип келдиң Барпы ырчы.

Султанказак болуштун,

Сүлпөтүн сен билбейсиң.

Жанындагы Бабаяр,

Үлпөтүн сен билбейсиң.

Ушул ала тайыңды,

Соёр бекен Барпы ырчы,

Чучук каптап өзүңө,

Коёр бекен Барпы ырчы.

Барпы:

Карала напти жибек тон,

Кийип келдим Жеңижок,

Казысы карыш ала тай,

Минип келдим Жеңижок

Жолоочунун атын жеп,

Жору беле болушуң?!

Жара тартып кеткендей,

Бөрү беле болушуң,

Талагандай тайымды,

Таскарабы болушуң.

Маалим болгон жалпыга,

Маскарабы болушуң?!”. Апыздын айтыштарынан ал өзү кыргыз элинин санжырасын, тарыхын канчалык тереңдикте билгенин айгинелеп, ар бир сөзгө анык апыздык бийиктиктен карап, баа берип, кайра аларга орду менен жооп айтып, бейиши болгур үлкөн адабиятчы Кадыркул Даутов айткандай, “айтыш өнөрүнүн ийкем тапкычтык универсализм үлгүсүн санат табышмакка чейин көтөрүп чыккан” чеберчилигин байкоого болот. Ысмайыл Борончиев Көкөтөйгө баа бергендей эле, “Кандан, бектен, залимден калтаарып жаздым айтпаган, оозунан чыккан сөз үчүн, ок келатса кайтпаган,” орошон талант Барпы гана Жеңижоктун бүт суроолоруна “ээ дегенче, ме!” деп шыр жооп берип, Султанказак манабы баш болгон, Бий, Болуштарын үлпөттөрү менен чогуу каратып туруп баарына мына ушинтип карегине сайгандай жооп бере алмак.

Барпынын Суусаркан менен болгон айтышында Аалы Токомбаевдин “Жетим менен сыйкырчы” жомогундагы окуялар бири-бирине көп жери үндөшүп кетет. Маселен Барпы менен Суусаркандын айтышында:

 

Суусаркан:

Тамчы болуп чачылып,

Таш артына секирем,

Ташка тийип быркырап,

Таруу болуп тыркырап,

Туш тарапка бекинем,

Кара көзүң түздөйсүң,

Кайдан мени издейсиң?

 

Барпы:

Ташка тийип быркырап,

Таруу болсоң тыркырап,

Жөжөлүү тоок болом да,

Таштан ташка коном да,

Терип жеймин бир-бирден,

Кутулмаксың сен кимден?

 

Суусаркан:

Жөжөлүү тоок сен болуп,

Жеген жемиң мен болуп,

Жемчөөн эми толордо,

Жалгыз данга жолордо,

Бийикте көөнү сергиткен,

Боз торгой болуп эргиген,

Учуп кетсем кантесиң?

 

Барпы:

Бийикте көөнү сергиткен,

Боз торгой болсоң эргиген,

Боз турумтай мен болуп,

Барар жагың чамалап,

Басар жолуң камалап,

Кош канатты сабалап,

Кууп жетип асмандан,

Илип кетсем кантесиң?.. десе, Аалы Токомбаевдин “Жетим менен сыйкырчы” жомогунда:

 

“…Ошентип, ме дегенде  быркырады,

Чачылып таруу болуп  шыркырады,

Өзгөрүп турган жигит  короз болуп,

Бүткөнчө терип жеди  жалгыз даны.

Жалгыз дан чокулбастан  четте калган,

Кандайдыр короз сыйкыр  көрбөй калган.

Жалгыз дан тегеренип,  тегеренип,

Оолактап алыстады сыйкыр  чалдан.

Айбаттуу бүркүт болду  бардыгы шай,

Короздун болсо керек  көңүлү жай.

Жеңишти жарыялап жибердиби?

Үнүнүн бардыгынча салды  айгай…

Мен короз! Мен тилекке жеттим  деди,

Ичиме шордуу бала кеттиң деди,

Тапканың ушул беле, шордуу  бала!

Таруу болдуң, мен жедим  неттиң деди.

Ошентип, кубангандан  короз баатыр

Күбүндү кош канатын  тапыр-тапыр.

Анан ал «кукуку-куу» дей  бергенинде,

Шыпырды бүркүт болгон  бала бакыр…

Бала айтты:

 — Кыймылдачы, баатыр чалым!

Ушулбу нечен жылдык жыйган  алың?

Өлчөбөй өз көрүңдү терең  каздың,

Эр короз, эми кайда сенин  жаның!..” деп, мына ушундай абдан көп окшоштуктар кездешет.

Барпы өзүнүн кат таанып, кагаз бетине жаза алганын өзүнүн бир катар ырларында так далилдеп, көрсөтүп кеткенин да байкоого болот. Төмөнкү ырларына көңүл буралы:

 

АКСАРГЫЛ

“…Саар менен сайраган

Сарала тоонун улары ай.

Сагынганда кат жаздым,

Аксаргылдын кумары ай.

Эрте менен сайраган

Этекки тоонун улары ай.

Эстегенде кат жаздым,

Аксаргылдын кумары ай…”

 

ГҮЛАЙЫМ

“…Кагазга жаздым катымды,

Калк ичинде сүйгөндөн,

Кадырыңды билгенден,

Гүлайым койдум атыңды…”

 

ЛӨЛҮКАН

“…Лөлүкан сендей жар кайда?

Лөлүкандын сапатын,

Мактоого жаздым ар кайда.

Эжең бар биздин Маркайда

Эсимде сенсиң ар кайда…”

 

АРЗЫКАН

“…Агарып барып аткан таң —

Ак шайы көйнөк Арзыкан.

Окутуп угуп кулак сал,

Дубайы салам кат жазам…”

 

АКЖЫЛДЫЗ

“…Угар болсоң, узартып

Жазгым келди катымды.

Өз атыңды жашырып,

Акжылдыз дедим атыңды…

Сындуулугуң билинди —

Боз балдар сага илинди.

Бербей коюп колуңду

Оорутпачы дилимди?

Көңүлүң болсо, жакын кел,

Бирге окуйлук илимди…”

 

ЖАШАМАЛ ЖИГИТ,

ЖАШ КЕЛИН

ЖИГИТТИН КАТЫ

“…Эшигиң алды катар тал,

Эригип барсам бердиң бал.

Эзилишип ойноорго

Эстесем жүрөк болду дал.

Жаш келин койдум атыңды,

Окуп жүр берген катымды.

Унутпаска жазып ал

«Б» тамга менин атымды…” – деп Барпы Апыз “Аксаргыл”, “Гүлайым”, “Лөлүкан”, “Арзыкан”, “Акжылдыз”, “Жаш келин” өңдүү өз доорунун бир топ сулууларына ашыктык каттарын арнап, болгондо да ыр менен жазганын жогорудагы өзүнүн чыгармаларында далилдеп койгонун кантип жокко чыгарабыз? Бул ырларын окуп отуруп, Барпы эле эмес, Апыздан кат алган Гөзөлдөр да кат тааныган экен го деген ой жаралат. Биз өзүбүздү өзүбүз “Октябрь революциясына чейин караңгы коомдо жашаган, билимсиз эл болгонбуз…” деп алдап жүргөн жок белек? СССРдин Коммунисттик партиясы Эгемен Кыргыз Республикасынын үстүнөн бийлик жүргүзбөй калганына 33 жыл болду да. Биз дагы деле кимден корунуп жүрөбүз? Сөзүбүздү жыйынтыктап айтсак, Барпы – Апыз Чыгыш маданиятында чоң орду бар, чен-өлчөмгө сыйбаган, көп кырдуу алп акын. Ал дүйнөлүк адабиятта Чыгыш классикалык философиясынын ири өкүлдөрү менен катарлаш туруу укугуна ээ. Ага андай укукту өзү жараткан чексиз ааламды кучагына сыйдырган улуу чыгармалары ыйгарган. Биз болгону жүрөгүбүз менен гана кабыл алуубуз керек.

                                                                                                                  Бахпурбек Аленов

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!