"Эркин-Тоо"

“Барселона” Борбор Азиянын легендаларын 3:0 эсебинде жеңди

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселона” менен Борбор Азиянын легендаларынын футболдук беттеши өтүп, оюн «Барселона» командасынын жеңиши менен аяктады.

Биринчи таймда «Барселона» командасынын футболчусу Ривалдо эсепти ачып, 26-минутада Азия командасынын дарбазасына гол киргизди.

Андан соң 37-минутада кайрадан испаниялык команданын оюнчусу Хуан Пабло Сорин экинчи голду киргизди.

Ал эми экинчи таймдын акыркы минуталарында каталониялык команданын футболчусу Хавьер Савиола атаандаштарынын дарбазасына топ тээп, эсепти 3:0гө өзгөрттү.

Азия командасынын курамында ойногон Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров биринчи таймдын орто ченинде оюн талаасын таштады.

Оюнга Бахадыр Кочкаров, Равшан Ирматов жана Абдухамидулло Расулов калыстык кылды.

Эске салсак, 29-августта Жалал-Абад шаарындагы “Барселона” футбол академиясы ачылган. 30-августта Бишкек шаарында испаниялык клубдун академиясынын курулушуна капсула салынды.