"Эркин-Тоо"

Баш мыйзам – эгемендиктин башкы белгиси

Жыл сайын 5-майда Конституция күнүн белгилейбиз. Быйылкы жылга Баш мыйзамдын 30 жылдыгын майрамдоо кубанычы туш келди. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өз ойлору менен бөлүштү.

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек АЛИЕВ:

— Конституция – мамлекеттин паспорту, Баш мыйзамы болуп саналат. Конституцияда адам укуктары, эркиндиктери баары толук жазылган. Элибизге таандык болгон нарк-насил, каадасалт, ошондой эле адамдардын бири-бирине болгон мамилеси, ата-эненин балдарга, балдардын ата-энеге болгон мамилеси да мыйзам менен бекитилген. Мамлекеттик органдар Конституцияда жазылган беренелерди аткарууга милдеттүү жана кызыкдар болуш керек. Отуз жыл ичинде жаш баладай телчигүү этаптарын баштан кечирдик. Бул табигый процесс. Баарыңыздарды Баш мыйзамдын күнү менен куттуктайм.


Жогорку Кеңештин депутаты Марлен МАМАТАЛИЕВ:

— Биз Конституция менен сыймыктанышыбыз керек. Биздин эгемендүү мамлекетибиздин бирден-бир башкы символу – бул Конституция. Мамлекетибиз эгемендикке ээ болгон жылдардын ичинде Баш мыйзамды он жолу өзгөртүп, толуктоолорду киргиздик. Бирок, көпчүлүк эл, айрыкча жаштар биздин Баш мыйзамда эмне жазылганын толук билишпейт, тааныштыгы жок. Баш мыйзамда мамлекеттин, андагы жарандардын милдеттери, укуктары баары толук жазылган. Конституция күнүн ар дайым майрамдай берели. Өлкөбүз өнүп-өссүн. Майрамыңыздар менен!

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!