"Эркин-Тоо"

Башкы дарыгер Акылбек Маманов: “Жыл соңуна чейин хирургиялык корпус ишке берилет”

Өлкөдө балдарга медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы корпусунун мезгил кутусу салынган болчу. Ушу тапта жаңы хирургиялык корпустун курулушу кызуу жүрүп, ички жасалгалоо, желдетүү системасын орнотуу баскычына келип жетти.

№3 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, жаңы имарат 212 орунга ылайыкталып, 8 операциялык блок каралган ыкчам хирургия, нейрохирургия, жаңы төрөлгөндөрдүн хирургиясы, инфекциялык хирургиялык, көкүрөк хирургиясы жана башка бөлүмдөр бар. “Жылдан-жылга Бишкек шаарынын калкы жана аймагы кеңейип баратат. Мындан улам жыл сайын бул ооруканага 280 миңден ашык бала кайрылып, алардын 40%ы ооруканага жаткырылат. Учурда иштеп жаткан хирургиялык корпус 1964-жылы, ал эми соматикалык корпус 1977-жылы курулган. Төрт кабаттуу хирургиялык корпустун курулушу Сауд өнүгүү фондунун жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланууда. Мындан тышкары имаратта радиология, проктология, реанимация, токсикология, жаңы төрөлгөндөрдүн реанимациясы, урология, травматология, морфологиялык бөлмө, лабораториялык блок сыяктуу бөлүмдөр уюштурулат”, — дейт дарыгер.

Мээрим Бактыбек кызы