"Эркин-Тоо"

Башкы экспонаты – боз үй. Москвада «Көчмөндөр цивилизациясы» музейи ачылды

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен Москва шаарындагы В.В.Жириновский атындагы Дүйнөлүк цивилизациялар университетинде «Көчмөндөр цивилизациясы» музейинин салтанаттуу ачылышы өттү.

Элчиликтен билдиришкендей, музей ушул жылы 6-мартта Москва шаарында өткөн Кыргыз-Россия аялдарынын биринчи форумунун алкагында кол коюлган меморандумга ылайык уюштурулду.

«Анын максаты кыргыз элинин искусствосун жана каада-салтын, көчмөн маданиятын жайылтуу, маданий-агартуу иш-чаралары аркылуу мекендештерге жана башка элдердин кызыккан өкүлдөрүнө таанытуу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

«Көчмөндөр цивилизациясы» музейинин башкы экспонаты – ичи толук жасалгаланган кыргыз боз үйү. Музейдин жетекчиси «Боз үй дайым биз менен» долбоорунун автору – кыргыз диаспорасынын активисти Дамира Казакпаева.

«Көчмөндөр цивилизациясы» музейинде маданияттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү экскурсиялар, «чий курчак» улуттук куурчактарын жасоо боюнча мастер-класстар, тематикалык көргөзмөлөр жана башка билим берүү жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!