Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионду реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агентиги билдирди. Эске салсак, стадионду оңдоп-түзөө иштери июнь айында башталган. Ал жаңылангандан кийин эл аралык стандарттарга жооп берип, күйөрмандар электрондук турникет аркылуу киргизилери белгиленген. Жаңыланган стадиондо алгачкы оюн 10-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда орун алат.