“Башын кесип, көмүп койгон”. Кара-Балтада мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүү Жалал-Абаддан кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматка ылайык, Кара-Балтада жарандык никедеги аялынын башын кесип, мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды.

Милициянын маалыматына ылайык, 21-июнда Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринен башы кесилип, зомбулук менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө маркум 1975-жылы туулган А.А. экени такталып, милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачуу максатында аялды таанып-билгендер менен иш алып барган.

Жыйынтыгында кылмышка шектүү 1976-жылы туулган К.Н. экени аныкталып, ал Жалал-Абад облусунда жашырып жүргөн.

Тергөөнүн алдын ала версиясына ылайык, кылмыш кызганычтан улам жасалган. Шектүү чогуу жашаган аялды башка эркектен кызганып, денесинин 10 жерине бачык сайган. Кийин кылмышты жашыруу максатында аялдын башын кесип алып, сөөктү арыкка таштап, ал эми башты андан 200 метр аралыкта жерди казып көмүп салган.

Шектүү күнөөсүн толугу менен моюнга алып, башты көмгөн жерди көрсөтүп берген.

Учурда ал Жайыл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!