"Эркин-Тоо"

БАСКАН ЖОЛУ БАЙСАЛДУУ ОКУУ ЖАЙ

Быйыл Ош айыл чарба техникуму өзүнүн түзүлгөндүгүнүн тууптуура токсон жашын белгилеп отурат. Түштүк Кыргызстанда айыл жана мал чарбачылыгына тиешелүү квалификациялуу адистерди даярдоо максатында түптөлгөн окуу жайдын басып өткөн жолуна саресеп салсак, эл чарбасындагы орду, тарыхтаржымалы бараандуу. Союз кезинде, айрыкча мал чарбачылыгы менен пахтачылык гүлдөп турган доордо кандай гана адистерди даярдап, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкону белгилүү.

Ырас, эгемендүүлүктүн оошкыйышы менен айыл чарбасына кайдыгер мамиленин кесепетинен бүгүн ооз толтуруп, мактанганга болбойт. Ошентсе да, эртеңки күнгө аруу максат, чоң тилек менен карап, айыл жана мал чарба адистерин заманбап кесиптерге даярдоодон артта калбай келет. Айрыкча акыркы жылдары айыл чарбасын өнүктүрүүгө олуттуу мамиле жасала баштагандан тартып, аталган окуу жайына кызыккандар, кирешелүү тармакка айландырууга боло турганына көзү жеткендер көбөйүүдө. Маанилүү датанын оропарасында Ош айыл чарба техникумунун директору Аматов Сеитбек Юсупович менен ой бөлүштүк.

Айтмакчы Сеитбек Аматов 1986-жылдын 20-августунан бери аталган окуу жайын жетектеп келет. Айыл чарба боюнча чоң адис, тажрыйбалуу жетекчи, билим менен практиканын айкалыштыруунун дасыккан педагогу катары таанымал.

– Сеитбек агай, окуу жай сиздин өмүр-таржымалыңыз менен эриш-аркак келатканы маалым. 90 жылдык өмүр тарыхы бар окуу жайдын азыркы абалын, чоо-жайын өз оозуңуздан уксак.

– Ош айыл чарба техникуму Түштүк региондордун тарыхында гана эмес, Кыргызстандын басып өткөн жолунда өзүнүн орду, салмагы, кадыр-баркы бар окуу жай катары белгилүү. Бизде айыл чарбасына жана мал чарбасына, жерди багуу, асыроо, иштетүүгө ылайык, тиешелүү, атайын билимдүү адистер даярдалат. Мурда болгону агрономия, гидромелиорация, айыл чарба механизациясы деген үч адистик боюнча даярдалса, бүгүнкү күндө 8 адистик боюнча – агрономия, гидромелиорация, айыл чарба механизациясы, бухгалтердик эсеп жана аудит, айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу, ветеринария, финансы жана кредит, салык жана салык жыйноо деген кесиптерге даярдайбыз.

Жогоруда аталган үч кесиптик боюнча бюджетте, калган 5 кесиптик боюнча келишимдик негизде окутулат. Быйылкы жылдан баштап, бир гана 9 класстын базасында кабыл алынат.

Билгенге биздин окуу жайдын айыл чарбасын өнүктүрүүдө атайын, кесипкөй, талапка ылайык адистерди даярдап берүү жагынан ролу эбегейсиз. Жашырганда эмне, Союз бузулганда окуу жайдын техникасына көз артып, мүлкүн бөлүпжарып, кан таламайга түшкөндө араңдан зорго сактап калганмын. Ошол техникалардын бир тетиги да жоголбой, техникумдун короосунда сакталып турат. Практикалык сабактарда аларды пайдаланабыз, айрымдарын өндүрүштүк практикада колдонобуз.

– Адис катары айыл чарбасынын өнүгүшүнө кандай баа бересиз?

– Акыркы жылдардан баштап, өлкөнүн айыл чарбасына олуттуу мамиле жасала баштады. Иштиктүү долбоорлор ишке ашырылып жатат. Өткөн жылы айыл чарбасына тактап айтканда, мамлекет тарабынан ирригацияга 1 миллиард сом бөлүндү. Мунун өзү биздин окуу жайды көп нерсеге, чоң максаттарга багыттап отурат. Биринчи кезекте, жердин түшүмдүүлүгүн арттырышыбыз керек. Айыл чарбасын кагазда эмес, практикада, өндүрүштө көрүп, анализдеп, илимий негизде мамиле жасоо абзел. Айыл чарба адистерине болгон кызыгуу аз, жер-жерлердеги айыл өкмөттөрүндө атайын белгиленген агроном деген штат да жок. Ошондуктан жылдан-жылга кароосуз, кысыр калган жерлерлер көбөйүп, пайдаланылбай жатат. Айыл чарбасынын продуктыларынын сапаты да начарлап кетти. Чек арадагы бажы өтмөктөрүндөгү текшерүүдөн башка өлкөлөргө өткөрбөй жатат деп арызданышат. Ал туура, сапаты начар, лабораториялык анализдерге, стандарттарга туура келбесе, талаптарына жооп бербесе, алар өткөрбөйт да. Учурда ар ким өз үлүшүн каалагандай пайдаланат. Жерди сотыхтарга майдалап бөлө бергенден жер коромжуга учурап, майдаланып кетти. Союз кезинде ар бир сотых жердин анализи боло турган. Кыртышы текшерилип, эмнеден өксүп жатканы, сапаты аныкталып турчу. Кыргызстанда айыл чарбасына олуттуу көңүл бурулбагандыктан, айрым айыл чарба багытындагы окуу жайлары жоюлуп кетти.

Жогорку агротехниканы сактоо менен түшүмдүүлүктү жогорулатуу, айыл чарба продуктыларын илимий негизде карап, багып, анализдеп, ырааттуу иш алып барышыбыз бүгүнкү күндүн талабы. Так ушул биздин жерлерден илгери союз кезинде жүгөрүнү гектарынан 150-200, пахтаны- 40-50, буудайды 60- 80 центнерден алчубуз. Азыркы убакта ашып кетсе, буудайдан гектарынан 20-30 центнерден гана түшүм алынат. Бул өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу бар экендигин айгинелейт. Дыйкан чарбаларын ирилештирилген чарбаларга айландырсак, жерди которуштуруп айдап, азыктандырып, илимий жактан толук көзөмөлгө алганыбызда гана айыл чарбасы жанданат, түшүмдүүлүк көбөйөт. Мал чарбасында малдын башына кызыкпай, пародасына, сүттүүлүгүнө, сапатына маани берсек, малдын асыл тукумдуулугу да арбыйт эле.

– Окуу жайды бүтүргөн студенттер заман талабына жооп береби?

– Биздин студенттерибиз өзүбүздөгү алдыңкы фермердик жана дыйкан чарбаларына барып практикадан өтүшөт. Акыркы кезде студенттерди жыл сайын Германия мамлекетине жөнөтүп, ал жактагы фермерлер менен алты ай бою практикада болушат. Мал чарбасынан алынган продуктылар; каймак, айран, быштак, сыр сыяктуу азыктүлүктөрдү кантип, кандай шарттарда жасайт, сапаттуулугуна, энергетикалык баалуулугуна канткенде жетишсе болот деген бай тажрыйбаларды үйрөнүп жатышат.

– Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо эки тармактын ишин кайрадан түзүп чыгуу зарылчылыгы бар деп эсептейсизби?

– Биз агрардык өлкөдө жашайбыз. Бизде ата-бабалардан калган айыл жана мал чарбасын багуу, асыроо, өнүктүрүү боюнча бай, тажрыйбаларыбыз бар. Кыргыздар мал жандуу эл. Болгону азыркы шартка жараша, технология өнүккөн, бүт дүйнөнү санариптештирүү кучагына алган убакта мезгилден артта калбай, илимий-технологиянын жетишкендигин пайдаланышыбыз керек. Агрохимиялык жана агротехникалык лабораторияларды, ветеринариялык сервистерди, жерди асылдандыруунун илимий базаларын түзүшүбүз зарыл. Биз ар дайым буга чоң капитал керек деп, өзүбүздү-өзүбүз алдап, шылтоолоп келебиз, антпей эле, ар бир дыйкан, ар бир фермер, ар бир айыл чарба адиси, кала берсе жер үйдө жашаган жаран өз огородуна кунт коюп, илимий технологияны колдонуу менен мамиле жасаса, “көп түкүрсө көл болот” дегендей алдыга илгерилей беребиз. Эшик-элигибизди таза кармагандан эринген жарандарыбыз бар. Ошондуктан ар бирибиз өзүбүз жоопкерчиликтүү болушубуз зарыл. Айыл чарбасынын продуктыларынын сапатынын мыкты, жогорку касиети, биздин балдардын ден соолугуна кам көрүү экенин унутпашыбыз керек. Жерди бакпаса, жерге аяр, камкор мамиле жасалбаса, жердин түшүмдүүлүгүнө, мөмө-чөмө бактарынын мол түшүмүнө жетишүү кыйын.

№102 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 18-ноябры
Ризван ИСМАИЛОВА

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!