"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Батирди алдап сатууга шектелгендер кармалды

Чүй облусунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук милициясына Ш.В. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, И.А. аттуу жаран жана анын шериги алдоо жолу менен батирин өз аттарына каттатып, кийин үчүнчү адамдарга сатып жиберишкен. Аталган аракеттердин натыйжасында жабырлануучуга 80 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Бул боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1995-жылы туулган И.А. жана 1994-жылы туулган М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.