Бишкек шаарында акыркы 11 ай ичинде батирлердин чарчы метринин баасы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25%га кымбаттады. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин талдоочулары билдирди.
2024-жылдын 11 айында Бишкекте турак жайдын чарчы метринин баасы жеке тибиндеги батирлерди кошкондо 1 миң 274 долларды, эсепке албаганда 1 миң 364 долларды түзгөн.
Ички ремонт иштери бүтө элек (ПСО) боюнча сатылган жеке типтеги батирлер орточо бааны 7,11%га төмөндөткөн (2023-жылы бул көрсөткүч 6,8%ды түзгөн).
Ал эми райондор боюнча алсак, Ленин районунда бир чарчы батирдин баасы 25,6%, Биринчи майда 26,4%, Свердлов районунда 23,6%, Октябрь районунда 24,6% кымбаттады.