Эртең 16-сентябрь кыргызды кайгы баскан күн. Былтыр так ушул күнү өлкөбүзгө агрессия жасалып, 63 мекендешибизден, кырчын курактагы жаш жоокерлерибизденайрылганбыз. 200дөн ашык боордошубуз ар кандай жаракат алып, бир нечеси майып болгон. 140 миңге жакын жердешибизжашаган жеринен сүрүлүп чыгып, 661 турак жай өрттөлгөн эле.
Кандуу коогалаңга каңырыгы түтөгөн Президентибиз БУУнун трибунасынан дүйнө элине кайрылып, 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга масштабдуу агрессия жасаганын, анын кесепетинен 36 жараныбыз курман болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилгенин, 2022-жылы 16-сентябрда сүйлөшүлгөн макулдашууларга карабай мамлекеттик чек аранын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасалганын айтып чыккан. Андан бери бир жыл өттү.
Албетте, баарыбызга тынчтык керек. Жалпы адамзаттын, айрыкча миңдеген кылымдардан бери эриш-аркак жашаган кошуналардын ынтымакта күн кечиргенине эч нерсе жетпейт. Булчуңун көрсөтүп, куралдуу агрессия жасоо менен азыркы маалда маселе чечүү мүмкүн эмес. Курулай доомат артуу дагы туура болбойт. Эгер өткөн тарыхтагы жерлер боюнча чындап доо коюшмайды баштасак, анда такыр башка жагдай жаралары турган иш. Маселен, кечээки эле учурду эстей турган болсок, 1944-жылы биргелешип пахта өстүрүү үчүн деген негизде Кыргызстандын Баткен районунун “Ленин” колхозу Тажикстандын Исфара районундагы “Ленин” колхозу менен бириктирилип, аянты 1,5 миң чарчы метр кыргыз жерлери, атап айтсак, Шаркырак, Орус мазар ГМЗ, Новабод), Маатпари, САНТО (КИМ), Кошой, Ниязбек, Мархам, Каракчы-Кум, Жигдали, Катаган, Кысакоз, Гафурово (Кожобакырган-Сай) айылы, Дегимай, Пролетарск станциясы жана Чкаловск шаары Тажикстандын курамында калып кеткенин баары билет.
Ошол жерде туулуп өскөн жазуучу Абдижалил Пахридинов “Санжыралуу кыргыз сөздөрүнүн таржымалы” аттуу китебине так ушул Тажикстанда калган айылдар 25 жылдык мөөнөт менен ижарага берилгенин жазып, “25 жылдык мөөнөткө берилген ал мөөнөт 1966–67-жылы бүтүп, жалпысынан 13 ишкана жана 11 орто мектеп, анын ичинде 7 орто мектеп кыргыз тилинде Катаган, Жигдали, Ниязбек, Маатпари ж. б. айылын баш кылып Баткенге чейинки 150–200 чакырым аянтты Тажикке өткөзүп беришти, Шорсуу рудниги тажикче Шураб болуп чыга келди”, — деп белгилеп кеткен.
Ал эми 1924-жылы Тажик мамлекетинин пайдубалын түптөөгө кыргыздар чоң салым кошуп, Мургаб менен Жерге-Талды ыйгарып, Өзбекстандын курамында турган областты Тажик Автономдуу Республика кылып чоңойткон. Анын жыйынтыгы менен 1929-жылы Тажик мамлекети түзүлүп, 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болду. Булар тарыхтагы кашкайган фактылар, аны эч ким өчүрө албайт. Бирок, биздин жетекчилер ал жерлер боюнча дүйнө жүзүнүн алдында доомат арта элек. Кошуна жашаган эки элдин ынтымагы үчүн Союз таркаган учурдагы келишимдердин негизинде гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тынчтык жолу менен чек араны чечүүгө аракет кылып келе жатышат.
Тилекке каршы, 2012-жылдан бери карай чыр-чатак күчөдү. Ошол жылы 18 ирет чыр чыкса, 2013-жылы 19 жолу болуп, көбүн эсе Ворухтун айланасында тутанды. 2014-жылы 32 чыр чыгып, бешөөсүндө курал колдонулду. Бир мекендешибиз набыт болуп, 25и жаракат алган. 2015-жылы да чек арада 10 жолу жаңжал болуп, бир ирет курал колдонулду. 2016-жылы 16 ирет, 2017-жылы 10 жолу, 2018-жылы 7 ирет, 2019-жылы 14 жолу бүлүк түшүргөн окуяга кабылдык. Чек ара жаңжалында бир жоокерибиз каза таап, 61 киши жаракат алган.
Пандемия маалында дагы тынч болбой, 8-майда Көк-Таш айылында, 24-майда Ак-Сай айылы менен Ворух айылы чектешкен Мойнок жайлоосунда чыр катталган. 2-июнга караган түнү Эски-Таш аймагында айдоочуга ок тийип, 6-августтун таңында ошол эле ЭкиТашта кыргызстандык чек арачы оор жарадар болгон. 25-октябрь күнү Үч-Дөбө айылында, 12-декабрда Ак-Сай айылынын Бакай жаңы конушунда жаңжал чыккан.
2021-жылы 28-30-апрелде “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайдагы оңдоп-түзөө иштерине атайын тоскоолдук жаралган маалда чыр чыгып, 36 мекендешибиз курман болуп, 180ден ашуун киши жаракат алды. Миңдеген мекендешибиз үй-жайын таштап качканга аргасыз болду. Баткен жана Лейлек райондорундагы 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекет жана бир клуб толугу менен талкаланып, өрттөлгөн.
Баса белгилеп кетишибиз керек, ошол учурда кыргыз жетекчилери чагымчылдыкка алдырбай кыраакылык кылып, түбү көрүнбөгөн согуштун тутанып кетишине жол бербеди. Тагыраак айтсак, Президент Садыр Жапаров кыргыз эли үчүн тарыхый оор сыноонун да, кайгынын да күндөрү болгонун белгилеп, Ата Журтубуздун аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч келгенин, бирок кыргыз жоокерлеринин күжүрмөн даярдыгы, тайманбас эрдигинин аркасында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгү сакталып калганын айтуу менен жалпы журтту сабырдуулукка чакырып, чатакты ырбатпай токтотуп калды. 29-июнда Дүйшөмбү шаарына барып, Тажик президенти менен жолугуп, чек ара маселесин сүйлөшүү жолу менен чечүүгө кадам таштады. Муну эрдик катары бааласак болот.
2022-жылы 14 жолу чыр чыгып, анын биринде жалданма топтордун кол салуусуна кабылдык. Эң оору ошол күн болду. 14-июнда Кыргызстандын «Булак-Башы» чек ара посту бутага алынган. Түштөн кийин Как-Сай менен ПаскыАрык аймагында да ок чыгарып, эки жоокер, үч жай тургун жарадар болгон. 16-сентябрь күнү таңга маал кара кийим кийген куралдуу топтор, сакалчан адамдар, атайын даярдыктан өткөн жалданмалар кол салып, кыргыздын кырчындай жигиттерин жалмап кетти. 63 мекендешибиздин өмүрү кыйылды. Миң гүлүнүн бири ачыла элек чырактай болгон жигиттерден айрылып калдык. Жүрөгүбүз тилинип, жүлүнүбүз зыркырады.
Мекен чегин кайтарып, бир кадам артка кайтпай курман болгон ар бир боордошубуз – кыргыздын баатыры! Чек араны кайтарган кыраакы жоокерлерибиз тишине чейин куралданган, саны жагынан көптүк кылган душманга бир чарчы метр жерди бербей, Кыргыз жерин көздүн карегиндей сактайм деген милдетин так аткарып, кашык каны калганча кармашышты. Жан аябастан салгылашып, өз өмүрлөрүн аяшкан жок. Эр жүрөк чек арачыларыбыз жамгырдай жааган октон жалтанбай эрдик жасап, артка чегинбей, кыргыз жерин басып алууну максат кылган душмандын тилегин таш каптырып, талкалады.
Мекенди коргоого өмүрүн арнаган ар бир жоокердин эрдигине таазим этебиз! Кыргыз журту силерди эч качан унутпайт!