"Эркин-Тоо"

«Баткен» базарында мыйзам бузуулар аныкталды

«Баткен-Комфорт» базарында ири өлчөмдө мыйзамсыз жыйымдар, курулуш нормаларын бузуу жана салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен-Комфорт” (“Реконс” ЖЧКсы) курулуш материалдары базарында ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу, ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, ар бир ижарачыдан күзөт кызматына деп алдап ай сайын 500 сомдон 2000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогулкан базардын башкы директору Т.Б.Б. , директордун орун басары Ш.М.А., «Реконс” ЖЧКсынын кассир-бухгалтери  С.О.Н. кармалып, Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Ошондой эле, архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу жана соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталган.

“Баткен-Комфорт” базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин 4 чакырылышынын депутаты, КР мурдагы биринчи вице-премьер-министри Шадиев Аскарбек Алимбаевич.

Пример HTML-страницы