Баткен облусу дагы жаңы жылдык түндө салют, фейерверктерди жардыруудан баш тартты. Бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жергиликтүү бийлик муну менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сунушун колдоду. Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарында да салют, фейерверктерди жардыруу болбой турганы кабарланган.