Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун аймактарында кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери уланууда. Жалпысынан Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен 89 миң 598 метр жерине зым тосмолору орнотулду.
Учурда Лейлек районундагы Жаңы-Жер жана Катта-Туз аймактарында чек ара сызыгын тактоо, зым тартуу жана жол куруу иштерине басым жасалууда.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилиги алдында жергиликтүү бийлик органдары демаркация иштерине көмөк көрсөтүшүүдө. Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек баштаган жумушчу топ калктуу конуштардагы тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чек ара тилкесин турак жайлардан, короолордон, бак дарактардан жана коммерциялык объекттерден тазалоону уюштурууда.
Жаңы-Жер жана Кең-Талаа айыл аймактарында жалпысынан 105 объект аныкталып, тазаланган. Учурда Лейлек районунун чек арасынын 16 чакырым аралыгына зым тартылып, 42 чакырымдык жаңы жол салынды.
Курулуш материалдары чек ара заставаларында даярдалып, сырдалып, чек ара тилкесине жеткирилүүдө. Демаркация иштерин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы баштаган алты мамлекеттик аскердик түзүм аткарууда.
Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү тургундар өз турак жайлары жана эгин талаалары аркылуу өткөн зым тартуу иштерине түшүнүү менен мамиле кылышууда.