"Эркин-Тоо"

БАТКЕН ЭЛИ ЖАРАТМАНДЫКТЫН ҮЛГҮСҮН КӨРСӨТҮҮДӨ

Эгерде бирөө  400 гектар кайракы жерге суу жеткирип, бак тигем десе бул азыр  анчалык таң калыштуу эмес.  А бирок дээрлик 25 чакырымдык канал казып, анын ичинде тоону тешип  узундугу 6 чакырымдан ашык  3 тоннель казып, 4200 гектар жерди гүлдөтөм десе көптөр  ишенбөөсү мүмкүн.  Кадамжайлык Асанбай Пазылов  мына ушундай көпчүлүк ишене бербеген  ири  иштерди демилгелеген адамдардын бири.  Мамлекеттин өнүгүүсү бир эле эл башчыларынын аракетинен болбойт. Элдин демилгеси, талыкпаган жаратман эмгеги болбосо жетекчилердин  аракетинен күткөндөй майнап чыкпашы мүмкүн. Өсүп-өнүгүүдө элдин, эл ичинен чыккан энтузиасттардын ролу чоң. Элдин энтузиазмы менен  60-жылдарда артта калган  Түштүк Корея мамлекети  30 жылда дүркүрөп өнүгүп, дүйнөдөгү бирден-бир индустриалдуу өнүккөн өлкөгө айланды. Эки кылым мурда алсыз, көз каранды, токой жана балчыктар өлкөсү болгон  Финляндия  энтузиасттардын өлкөнү түрө кыдырып, элдин маданиятын, аң-сезимин өстүрүүгө багытталган агартуучулук иши  аркасында  өнүгүү жолуна түшкөн.

ДЕМИЛГЕ КОЛГО АЛЫНГАНДА

Кыргызстанда бийлик башындагылар жогору амбициялуу пландарды түзүп, мамлекетти өнүгүү жолуна алып чыгууга болгон аракетин жасоодо. Элде демилге, бийликте эрк болсо тоону деле  томкоруп,  тоодой иштерди жасаса болот экен.  Учурда Кадамжай шаарынын аймагында Өзбекстан менен чектешкен жерде  элдик демилге менен  “Алга кадам” инновациялык долбоору ишке ашырылууда.  Долбоордун идеясы  элдин жерге өтө муктаждыгынан улам келип чыккан.  Кадамжай шаарында 15 миңдей адам жашайт. Райондогу Кадамжай сурьма комбинаты 2000-жылдары ишин токтотуп, жумушсуздуктан миграция агымы күчөйт. Жерди иштетүүгө шарт жок. Шаар тоонун ортосунда жайгашкан, сугат жери жокко эсе.  Ошондон улам  Өзбекстан менен чектешкен ээн жерлерге суу чыгарып, элди жайгаштыруу идеясы пайда болот. Антпесе кошуна мамлекет  акырындан   бери көздөй жыла баштаган.  2019-жылы тоонун  күн чыгыш жагында 4-5 миң гектар түз жерлер  бар, ошол жерлерди өздөштүрөлү деп демилгелүү топ Өкмөткө кайрылып, бирок  колдоо таппайт. Өз  идеяларынан кайтпаган топ жаңы бийлик келгенде  Министрлер Кабинетинин төрагасы  Акылбек  Жапаровдун андан кийин Президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болот.

Бийлик тараптан колдоо алган эл шыктанып 2022-жылы иш башталат. Жыл аягына чейин  элден   53 млн сом  өлчөмүндө салым чогулат. Тоо-кен тармагында иштеген  жергиликтүү ишканалардын жардамы менен тоону жардыруу иштери жасалат. 2023-жылдын башында Президент Садыр Жапаров кадамжайлык чоң делегацияны  кабыл алып, Өзбекстандын каршылык нотасына карабастан каржылык колдоого алып, өзүнүн фондунан 50 млн сом бөлүп берет.  Бул каражаттын теңинен көбүнө техника сатылып алынып,  долбоордун эң оор бөлүгү — кырка тоолордон өткөн 3 тоннелди  казуу башталат. Андан кийин мамлекеттик бюджеттен дагы 100 млн  сом бөлүнөт.  Анын  да жарымынан көбүнө техника алынып,  учурда 741 чарчы метр тоннель жасалды. Тоннелдин узундугу жалпы  6331 метр  болсо, бүгүнкү күнгө карата  11-12 пайыз курулуш иштери аяктады.  Андан тышкары ушуга чейин 2 миң метр ачык канал казылып бүттү.  Бүгүнкү күнгө карата эл тарабынан 98,5 млн сом, мамлекеттик бюджеттен 100 млн сом, Президентин фондусунан 50 млн сом каржылоо бөлүнгөн. Долбоордун  сметалык наркы боюнча алганда 2022-23-жыл ичинде 480 млн сомдук курулуш иштери жасалды. Ал эми долбоордун жалпы сметалык наркы 2,9 млрд сом.

КӨП ТҮКҮРСӨ КӨЛ БОЛОТ

Бул долбоорду ишке ашырууда элдин салымы жалпы чыгымдын болжолдуу түрдө үчтөн бир бөлүгүн түзөт.  Эл каналды казууга салым кошуу менен  өздөштүрүлгөн жаңы жерден 10 сотых жер үлүшүнө ээ болот. Бүгүнкү күндө келечекке салым кошуп жаткандардын саны 2 миңге жетти. Алар алдыдагы 5 жыл ичинде 10 сотых жер үчүн 150 миң сом салым салышы керек. Демек, жылына 30 миң сом, аны жаз жана күз деп экиге бөлүп салым кылууга болот.  Ошондой эле бул жерди өздөштүрүүгө 200 миңден 500 миң сомго  чейин салым кошкон активисттер да бар. Алардын көпчүлүгү сыртта иштеп жаткандар.   Элге 10 сотых жер менен кошо жол, суу жана электр жарыгын жеткирүү да долбоордо камтылган.  Салым кошкондорго  кадимкидей квитанция берилет. Жер өздөштүрүлгөндө да  10 сотых жерди бөлүп берүү ирети кошкон салымдын иретине жараша болот. Эл мындай ыкмада жаңы жерлерди өздөштүрүүгө жан-дили менен салым кошуп, кызыкдар болгону үчүн  дээрлик 20 жылдан ашуун мезгилден бери бул иштер жасалып жатканы калетсиз.

АК-СУУ ДАРЫЯСЫ ШАР АГАТ

Жаңы салынып жаткан каналга суу  Ак-Суу дарыясынан алынат. Бул абдан чоң дарыя. Кыргызстан  анын 10-12 пайызын,  калганын Өзбекстан колдонот. Каналдын сыйымдуулугу  секундасына 3 куб/метр деп эсептелген. Долбоордо эки чоң БСР же суу топтоочу көл бар. Анын бирөөсү 15  млн куб/метр, экинчиси 3 млн куб/метр сыйымдуулукка ээ. Анан баса белгилей турган нерсе бул — инновациялык долбоор. Ар бир кожолукка суу түтүк менен  барат, арык казуу деген жок.  Сууну пайдаланууда график менен камсыздоо да долбоордо камтылган.

ЭЛДИН ЭРКИНЕ ТОО ДА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛБАЙТ

Бул Баткенде элдик демилге менен ишке ашырылган үчүнчү долбоор. Биринчи  “Пүлгөн — жаңы жер” долбоору  элдик ашар ыкмасы менен 2000-жылы башталып, 2021-жылы толук бүткөн.  Ал жерге азыр эл отурукташып,  суу, электр жеткирилип, ар бир кожолукка чейин жол салынган.  Ал кезде техника жетишсиз болгонуна карабастан  элдин энтузиазмы жана карандай эмгеги менен  Пүлгөн айылынын батыш жагындагы жерге тоону тешип өтүп, канал курулат.  Бул ишке 500 түтүн катышып, салымын кошкон.   Ал долбоордун чыгымы  бүгүнкү баа менен 500 млн сомго тете. Экинчи долбоор  Кызыл-Булак айылы жактагы  Молдонияз каналы. Ал   2008-жылы башталган. Долбоордун сметалык наркы  273 млн сом,  анын 4-5 млн сому элдин салымы.  Бул каналды курууда да 700 метр тоннель салынган.  Кызыл-Булак айылынын башында суу алуучу Шахимардан Өзбекстанга караштуу болгондуктан проблемалар болгонуна карабастан элдин ийкемдүү иш-аракети менен алар тараптан келе турган 200 метр арык кеңейтилип, бетондолот. Долбоорду ишке ашырууда “Молдонияз” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү жан-дили менен иштешип, чоң жардам көрсөтүшөт.  Өздөштүрүлгөн 300 гектар жер элге берилип,  400 гектар жерге суу жеткирүү калыбына келтирилген.

АРАКЕТ БОЛСО  БЕРЕКЕТ

Баткендин тургуну, “Баткен таңы” гезитинин башкы редактору Адылбек АКМАТОВ: Асанбай Пазылов буга чейин да 2000-жылдары тоону тешип өтүп, 300 гектар жерди өздөштүрөбүз дегенде эч ким ишенген эмес. Бирок ал өз идеясынын артынан сая түшүп, элдин колдоосу жана жардамы менен  канал казып барып, 300 гектардан ашык жерди өздөштүрүүгө мүмкүн болду. Ошондон кийин “көп түкүрсө көл болот” дегендей эл бириксе колдон келбеген иш болбосуна көз жетти. Эми дагы элди  улуу ишке баш коштуруп, чоң долбоорду баштоого демилгечи болуп жатат.  Элде аракет болсо, мамлекеттен берекет болот экен.  Президент Садыр Жапаров баш болгон мамлекет бийлиги бул ишти жылдырууга ынтызар болуп, колдоого алып жатат. Бул мамлекет менен элдин жаратмандык өнөктөштүгүнүн айкын мисалы. Баткенде жер өтө таңкыс, айрым адамдарда 2-3 сотых эле үлүш жери бар. Эл жана  мамлекеттин өнөктөштүгү менен  тоолорду тешип, канал чыгарып,  4200 гектар жерди өздөштүрүү элдин жашоосун жеңилдетип, миграция агымын азайтат. Жаңы жердин өздөштүрүлүшү элге жумуш ордун берип, балдарды эмгекке тарбиялап, үй-бүлөлүк кирешени өстүрүүгө шарт түзөт.


Акылбек Жапаров долбоордун башталышында. 2022-жылдын 2-апрели.

СӨЗ СОҢУ

Жакында парламентте Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн аткарган иштери боюнча отчет берип жатып, Баткен эли жакшы демилгени баштап жатканын айтып,  “Алга кадам” бирикмеси өлкөгө үлгү болорлук иштерди аткарууда деп белгиледи.  Акылбек Жапаров аларды колдоп, өзү барып ишти баштап бергендиктен бул долбоорду жакындан билет. Бүгүнкү күндө бирикмеге курулуш, тоо-кен тармагындагы тажрыйбалуу кесипкөй  адистер топтолуп, күчтүү элдик команда түзүлгөн. Чынында ушундай эле иштерди бардык жерде жасоого болот. Эгерде ыкчам өнүгүп,  элдин жашоосу жакшырсын десек, кандай иш болбосун өкмөттү  карап отурбай  баштай берсек, мамлекет четте карап турбасы анык. Бул жагынан чынында эле Баткен элинен үлгү алууга болот.

Бегим ТУРДАЛИЕВА

№95 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 1-декабры

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!