"Эркин-Тоо"

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Баткен облусунун аймагында 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түн тынч өттү. Жалпысынан кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн облус жетекчилигинен түзүлгөн иштөө тобу бүгүнда иш алып барышат.

Тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жаракат алды. Ошондой эле ушу кезге дейре дайынсыз болуп жаткандары да бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!