Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара райондору чектешкен тилкеде чек аралаш облустардын башчыларынын жолугушуусу өтүп, ага Баткен облусунун ыйгарымдуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода жетектеген делегациялар катышты.
Жолугушууда чек арадагы айылдардагы соңку апта ичиндеги кырдаал талкууланып, коңшу эки эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чагымчыл маалыматтарды таратпоо, чек арада маселе жаралса тийиштүү кызматтардын ыкчам аракет көрүүсү, жергиликтүү тургундардын коопсуздугу тууралуу талкуу жүрдү. Жыйынтыгында эки тараптуу жолугушууларды ай сайын өткөрүп туруу макулдашылды.