Баткен мамлекеттик университетинен жана анын түзүмдөрүнөн жалпы 2170 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул чечим билим берүү тармагындагы коррупциялык жана башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана алдын алуу боюнча атайын кызмат жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кабыл алынган. Текшерүү учурунда жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын кабыл алуу талаптарын жана катышуу эрежелерин бузган фактылар аныкталган.
Тагыраагы:
-
Баткен мамлекеттик университетинин башкы түзүмүнөн 570 студент;
-
Кызыл-Кыя шаарындагы М.М. Тайиров атындагы гуманитардык-педагогикалык институттан 801 студент;
-
Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунан 380 студент;
-
А.А. Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунан 171 студент;
-
БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледжден 234 студент;
-
БатМУнун алдындагы педагогика жана коммуникация колледжинен 14 студент окуудан чыгарылды.
УКМК билим берүү тармагындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу иштери улантыларын кошумчалады.

