"Эркин-Тоо"

Баткен облустук сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Айдарали АЙТМАТОВ: “23 ЖЫЛДАН КИЙИН СҮРӨТЧҮЛӨРДҮН СОЮЗУН АЧТЫК”

Баткен облусунда сүрөтчүлөр союзу түзүлдү. 23 жылдан кийин биринчи жолу уюшулган бул уюмдун демилгечиси Айдарали Айтматов экендигин да адилеттүүлүк үчүн белгилеп кетели. Айтмакчы Айдарали Мамажунусович буга чейин Москвада 18 жыл көркөм сүрөт тармагында белгилүү айкелчи, сүрөтчүлөр, Г.В.Франгулян, Л.Б.Бланк сыяктуу инсандар менен иштешкен. Акыркы эки жылдан бери Апаз Жайнаков атындагы облустук драма театрында башкы сүрөтчү болуп эмгектенет. Учурдан пайдаланып жаңы төраганы сөзгө тарттык.

— Айдарали Мамажунусович жагымдуу жаңылык уктук. Кут болсун. Төрага экенсиз, кеч болсо дагы түзүлгөн союзуңуздардын иши ак жолтой болсун.

— Рахмат, биз да аябай кубанып турабыз. Чынында көп жылдардан бери ишке ашпай келген максатыбызга жетип, сүрөтчүлөрүбүздүн кубанычы койнуна батпай турат. — Бул союзду түзүү демилгесин кантип ишке ашырдыңыздар? — Мен Москвадан келип, таң калдым. Аймакта сүрөтчүлөр мектеп-интернаты болсо, болгондо да Бишкектеги Сүрөтчүлөр Академиясынын алдындагы абройлуу окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү көп экен. Анан ошол коллегалар менен байланыштым. Алыскы Лейлектин Арка өрөөнүндө Сайиткул Кудайкулов деген укмуш сүрөтчүбүз бар экен. Кадамжайда, Сүлүктү, КызылКыяда ушундай мыкты коллегаларыбыз жасаган эмгектерин көрсөтө албай же көргөзмө уюшулбай ар кимибиз ар жакта өз түйшүгүбүз менен болуп калган экенбиз. Натыйжада облустун аймагындагы көркөм сүрөт өнөрпоздору менен эч кимдин иши болбой, чыгармачылык жаатта чоң боштук жаралыптыр. Акыры баарыбыз бир пикирге келип, Бишкекке барып облустун атынан Көркөм сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп, сүрөтчүлөр союзун түзүүнүн биринчи кадамын жасадык. Бизди Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушов жакшы кабыл алып колдоду. Жакшы жардам көрсөттү. Жыйынтыгында көргөзмөбүз ийгиликтүү өтүп, Баткендин 10 көркөм сүрөт чеберлери КРнын сүрөтчүлөр союзуна мүчө болду.

— Эми алдыда кандай пландарыңыздар бар?

— Эң ириде жаштарга колдоо көрсөтөбүз. Рахмат, Тургунбай Садыков агабызга. Колдоо көрсөтүп, Сүрөт мектеп интернатын ачып бергендигине. Бул бюджеттен каржыланат. Интернатта окуган окуучулар облустун ар кайсы булуң бурчтарынан мен мыкты сүрөтчү болом деп келгендер. Албетте биз сүрөтчүлөр союзу алардын талантына суу коюп, эрезеге жеткирип, андан ары Эл аралык деңгээлге биз алып чыкпасак ким алып чыкмак эле? Дагы бир сөз башка облустарда Эл сүрөтчүсү, Эмгек сиңирген сүрөтчү деген наамдарды алышкан. А бизде мыкты сүрөтчүлөр бар экенине карабастан, наамдары жок. Бул албетте ойлоно турган чоң маселе. Алдыдагы пландар жөнүндө айтсам бир эле сүрөтчүлүк, айкелчиликти эмес, зергерчилик, элдик чеберчилик, килемчилик айтор кыргыздын улуттук баалуулуктарын баарын өнүктүрөбүз. Өзүңүз билесиз Баткенде башка аймактарга окшобогон уникалдуу өзгөчөлүктөрү бар. Бир эле килемчилик менен чеберчиликтеги өзгөчөлүктөрүбүздү дүйнө эли баалап жаткан менен биз андан ары чебер кыздарыбызга, айымдарыбызга дем күч, стимул бере албай жатпайбызбы. Алар кандай гана элеттеги чоң өнөр ээлери экендигине карабастан калып калууда.

— Баткендик белгилүү сүрөтчүлөр да Сиздердин жаңы түзүлгөн сүрөтчүлөр союзуна эми колдоо көрсөтүшөөр?

— Албетте, колдоо көрсөтөт деген үмүттөбүз. Бирок, “кийиз кимдики болсо билек ошонуку” дегендей, негизи өзүбүз көп аракеттерди чыгармачылык дараметибиз менен көрсөтөбүз деген ойдомун. Сүрөтчүлөр менен жазуучулар, кол өнөрчүлөр, музыканттардын эмгектеринде халтура же элди алдоого болбойт. Баары салыштыруудан көрүнгөндөй, эмгектер жаркырап турса эч ким ага каршы шек келтире албайт. Ошондуктан, өзүбүзгө көбүрөөк ишенишибиз керек.

№99 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-ноябры
Адылбек АКМАТОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!