"Эркин-Тоо"

Баткен облусуна жалпы 775 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:00гө карата Баткен облусу жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын айылдарынан жалпы 142 071 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын айылдарынан 5301 жаран эвакуацияланган.
Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, 512 жаран жайгашкан.
Ошондой эле Баткен облусуна жалпы 775 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 478 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 51 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:
— Ош облусунда – 44;
— Жалал-Абад облусунда– 12;
— Нарын облусунда – 6;
— Ысык-Көл облусунда – 69;
— Талас облусунда – 43;
— Чүй облусунда – 12;
— Ош шаарында –1;
— Бишкек шаарында – 1.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!