"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Баткен облусунда электромобилдер үчүн электр станциясы пайда болот

Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүндө өткөн бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин отурумунда айтылды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, облус башчысы Абдикарим Алимбаев иш-чара бизнес коомчулугу менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болуусу керектигин айтып, маселелер ачык-айкын каралып, ишкерлерге тийиштүү колдоолор ыкчам көрсөтүлүүгө тийиш экендигин белгиледи.

Бул ирет да отурумга бардык тийиштүү министрлик, агенттиктердин өкүлдөрү катышып, ишкерлердин маселелери каралды.

Анда Кызыл-Кыя шаарындагы «Ирадан ЛТД» ишканасынын балык чарбасы үчүн жер участогун трансформациялоо, Кадамжай районунда «Ишкерлерди колдоо борборун ачуу» маселелери талкууланды. Ошондой эле экспортко чыгуунун артыкчылыктары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу механизми, консалтинг кызматтарын өнүктүрүү боюнча баяндамалар болду.

Отурумдун жүрүшүндө Баткен облусунда электромобилдер үчүн электр станциясын ишке киргизүү долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду.