КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугуп, 21-октябрдагы Республикалык кеңешмеде КР президенти койгон тапшырмаларды так аткаруу жана ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 21-октябрда өткөн Республикалык кеңешмеде КР президенти Садыр Жапаров мамлекеттик башкаруунун тутумуна, экономиканын өнүгүүсүнө, Жогорку Кеңештин шайлоолорун таза жана ачык айкын өткөрүүгө жана башка көптөгөн маанилүү маселелерге токтолгон.
Мындан сырткары, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча маселелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин активдештирүү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана экономика жана социалдык тармакта антикризистик чараларды шашылыш кабыл алуу зарылдыгына басым жасап, жетекчилерге өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жакшыртуу үстүндө ишти күчөтүүнү тапшырган.
Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жыйында облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине облустун бардык райондорунда, шаарларда жана айыл аймактарда КР ЖК депуттаттарын шайлоосу боюнча так жана туура маалымат жеткирип, калк арасында таза шайлоо өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүүзүнү тапшырды.