"Эркин-Тоо"

Баткен ОИИБдин жетекчилиги милиция кызматкерлеринин 12 ай ичинде аткарган иштери боюнча ыкчам кеңешмеге катышты

2023-жылдын 10-январь күнү Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлеринин аткарган иштерин жыйынтыктаган ыкчам кеңешме болуп өттү. Облус аймагындагы ар бир райондо жана шаарда өткөрүлгөн ыкчам кеңешмеге Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов, анын орун басарлары барышып, милиция кызматкерлеринин 12 ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтарды угушту.

Кызыл-Кыя менен Кадамжайга барган Баткен ОИИБдин начальниги Мурат Боронов милиция кызматкерлеринин 12 ай ичинде аткарган иштери, коомдун коопсуздугун сактоодогу ролу, катталган кылмыштар жана алардын бетинин ачылышы боюнча баяндамаларды угуп, бети ачылбай калган кылмыштар боюнча бир катар тапшырмаларды берип, мыйзамдуулукту сактоо менен аларды кынтыксыз аткаруусун тапшырды. Ошондой эле ар бир райондогу, шаардагы ички иштер бөлүмдөрүндөгү сервистик тейлөөлөрдүн иш-аракеттери жанданып, алыскы аймактарда жашаган жергиликтүү тургундарга жеңилдиктерди жаратуу максатында милициянын көчмө кабылдамаларына кошумча тапшырмаларды берди.

Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов милиция кызматкерлеринин арасындагы тартип маселесине токтолуп, ар бир кызматкердин моралдык ченемдер менен чектелген кыймыл-аракеттерин көзөмөлдөөнү белгиледи.

Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү негизги багыттарда кемчиликтерди кетирбөө үчүн кээ бир жетекчилерге, бөлүм башчыларга кошумча тапшырмалар берилди. Өз ишине кайдыгер мамиле жасап, ишин так аткаралбаган кызматкерлерге тартиптик жаза берилди.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!