Баткен районунун аймагында жаш өспүрүмдордүн коопсуздугун сактоо максатында, милиция кызматкерлери коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Район аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрдүн ар түрдүү оюн-зоокторду, автоунаалар менен кортеждерди уюштуруп жол жүрүүгө бөгөт коюу максатында мектеп мугалимдери, ата-энелер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, көзөмөлдү күчөтүшүүдө.
Ошондой эле пандемия учурунда санитардык эрежелердин нормаларын сактоо, кооптуу болгон суу топтолгон көлмөлөргө түшпөө боюнча эскертүүлөрдү, милициянын көчмө кабылдамасы мегафон аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Баткен РИИБнин милиция кызматкерлеринин демилгеси менен, кооптуу көлмөлөрдүн, каналдардун жана арыктардын аймагында сууга түшүүгө тыюу салган 100 ашуун эскертмелер, тактайчалар илинди.
Эске салсак жыл башында Баткен районунун аймагында 1 жаш өспүрүм сууга чөгүп, каза болгон.