"Эркин-Тоо"

Баткен окуясы боюнча тергөө эки тараптуу жүргүзүлүшү керекби?

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыштын жүрүшүндө жасалган кылмыштар боюнча учурда 11 иш ачылганын билдирген.

Бул боюнча Кыргызстан юристтер коомунун координатору Таттуубүбү Эргешбаева, эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде тергөө  2 тараптуу жүрүшү керек деп эсептейт. Анын айтымында  бул учурда Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму жана ушул сыңары эл аралык уюмдардын ролу чоң. Ошондой эле, ал ИИМ же УКМК бул боюнча иш жүргүзүүгө укугу жок экендигин айтып, эки тараптуу иликтөө жүргөндөн кийин гана анын жыйынтыгы менен күнөөлүү тарап аныкталышы керек.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!