"Эркин-Тоо"

Баткен шаарында милиция кызматкерлери студенттер менен жолукту

Баткен шаарындагы Баткен мамлекеттик университетинин алдындагы көп тармактуу колледжинин студенттери менен Баткен ОИИБдин жана Баткен ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жолукту.

Жолугушуунун максаты – өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана талап-тоноо, араздашуу сыяктуу көмүскөдөгү терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, кесепеттери менен күрөшүү ошондой эле жаштар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу.
Коомдо орун алып жаткан терс көрүнүштөр, укук бузуулардын алдын алуу, эрте никеге турууга жол бербөө багытында лекциялар окулуп, жаштарга психологиялык жана педогогикалык жардамдар да берилди.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!