"Эркин-Тоо"

Баткен жаңжалында жабыр тарткандарга 47 млн сом чогулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен элине жардам берүү үчүн ачылган атайын эсептерге 47 млн сомдон ашуун акча каражаты топтолду. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн электрондук баракчасында жарыяланды. Келип түшкөн каражаттардын акыйкат топтолуп жатканын онлайн байкоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн эсебине 42 млн 296 миң 789,82 сом, ал эми ӨКМнын эсебине 1 млн 385 миң 927 сом жана Бишкек шаардык мэриясынын эсебине 3 млн 789 миң 064,64 сом түшкөн.

Акыркы берилген маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жалпы 183 адам жабыркап, алардын 36сы курман болгон.

Ал эми, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирүүсү боюнча, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй, 84 имара жабыркаган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!