"Эркин-Тоо"

БАТКЕН: ЖАБЫРКАГАН ҮЙЛӨРДҮН ОРДУ ТАЗАЛАНДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий маалыматы боюнча, чек арага жакын жайгашкан Максат жана Арка айылдарында тажик тараптан куралдуу кол салуулдан жабыркаган турак жайларды иретке келтирүү тапшырмасы толук аткарылып, куткаруучулар өздөрүнүн туруктуу кызмат ордуларына кайтарылып жөнөтүлгөн. Иш-чарага 305 куткаруучу, 35 техника тартылган. Маалыматка ылайык, жалпы 136 турак жайдын орду тазаланып, 32 көчмө үй, 61 чатыр тигилген. 1919,61 тонна гуманитардык жардамды жабыр тарткан элге жеткирүү уюштурулган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!