28-29-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасынадагы куралдуу кагылышууда турак жайлары жабыркаган баткендиктерге курулуп жаткан үйлөр жай мезгилинин аягында берилет. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрлик тарабынан буга чейин талкаланган 136 турак жайдын орду тазаланып, 32 көчмө үй жана 61 чатыр тигилген болчу. Жабыр тарткан жергиликтүү элге 1 миң 716 тонна гуманитардык жардам жеткирилген.