"Эркин-Тоо"

Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жөлөкпул жогорулатылды

 КР Министрлер Кабинетинин токтому менен үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тартып Баткен окуясынан жабыр тарткандарга ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпул жогорулатылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, жөлөкпулдун өлчөмү 3 700 сомдон 5 500 сомго көбөйтүлдү.

Ошондой эле, 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткандарга дагы ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпул каралып, анын өлчөмү 5 500 сомду түздү.

Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:

1) курман болгон адамдардын балдарына — алар он сегиз жаш куракка толгонго чейин;

2) курман болгон адамдардын ата-энелерине (атасына, энесине) — алар пенсия курагына жеткенде, эгерде курман болгон адам жалгыз баласы болгон учурда;

3) майыптыгы бар адамдар деп таанылган жабыр тарткандарга — майыптыгы белгиленген датадан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!