Баткен облусунда чек арадагы аймактардан көчүрүлгөн жарандар жаңы курулган Жаңы Достук айылына отурукташууда. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоонун жыйынтыгында айрым аймактар алмашылгандан кийин, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын тургундары үчүн 181 турак үй курулуп, алар пайдаланууга берилүүдө. Жаңы үйлөрдө жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Көчүп келүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын техникаларды бөлгөн. Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынан да айрым тургундар жаңы айылга жайгашат.
Учурда жол, бала бакча, суу менен камсыздоо жана жашылдандыруу иштери уланууда.

