"Эркин-Тоо"

БАТКЕН ЖЕРИНДЕ БЕЙПИЛ ТУРМУШ УЛАНУУДА

Баткен райондук администрациясы тарабынан аймактагы ишкерлерге жана ички инвесторлорго жумуштарды өз убагында аткаруу үчүн бардык жагымдуу шарттар түзүлүүдө. Ушу тапта Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылында темир бетон заводу ишке кирди. Элүүгө жакын айыл тургундарын жумуш орду менен камсыз кылган бул завод жергиликтүү жеке ишкер А.Садыков тарабынан курулган. Буга чейин жергиликтүү бийлик тарабынан аталган заводду куруу үчүн 4 га жер аянты бөлүнүп, трансформацияланып берилген. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.Тулаевдин айтуусунда заводдо курулуш иштерине керектүү бетон жана курулуш материалдары өндүрүлөт.

Буга чейин аталган аймакта Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин KOICA уюму тарабынан Кыргызстандын айылдарын комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун алкагында көп тармактуу окуу борборлору курулуп, пайдаланууга берилген. Жалпы суммасы 20 миллион сомдон ашкан бул окуу борборлору керектүү эмеректер менен жабдылып, бардык шарттар түзүлгөн. Анда балдар үчүн 3 сааттык бала бакча жана окуучулардын ар тараптуу билим алуусуна жана ар кандай тармакта иштеп кетүүсүнө өбөлгө боло турган атайын курстар ачылган. Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги 2015-жылдан бери Баткен районунун аймагындагы көптөгөн социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырып келет.

Баткен районунун айыл-чарба жана өнөржай тармагын өнүктүрүүгө, айыл элинин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, активдүү жарандар дагы ар тараптуу иштерди алып барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Жакында райондун акими Учкунбек Жоробаев менен Ихсан Хайрия кайрымдуулук фонду жана Боз-Адыр айылынын активдүү жараны Эрнест Ираповдун демилгелери менен Боз-Адыр айылын таза суу менен камсыз кылуу иштери жыйынтыкталды. Жалпы суммасы 20 миллион сомдон ашкан бул долбоордун натыйжасында узундугу 14 километрди түзгөн суу түтүктөрү аркылуу Боз-Адыр айылынын ар бир үйүнө таза суу чыгарылат. Акимдин айтуусунда аймактагы калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоору бардык айылдарга жайылтылмакчы. Анткени калктын саламаттыгына камкордук көрүү иретинде аларды таза суу менен камсыз кылуу аракеттери акыркы жылдары тынбай уланып келет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы бул багытта ар кандай долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу үчүн ички жана сырткы инвесторлор менен кызматташууга эч кандай тоскоолдуктар жаралбашына кепилдик берүүдө. Президент Садыр Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү программасынын негизинде Чоң-Кара айылында Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Президенти Мухаммад Мады мырза каржылаган дүкөн, балдар бакчасы жана фельдшердик акушердик пунккттардын курулуш иштери да мактоого татырлык. Ал эми жергиликтүү ишкерлер тарабынан Баткен облусунун өндүрүш аймагы аталган КызылКыя шаарында 100 орунга ылайыкталган тигүү цехтеринин иштери өз нугунда жүрүп жатат. Алардын Кыргызстандын мөөрү менен тигилген кийимдери Кызыл-Кыядан түз эле экспортко жөнөтүлүүдө.

Разия ЖООШБАЕВА
№4 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 20-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!