Баткен шаарында «Менин үйүм – 2021–2026» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында көп батирлүү үйлөрдүн курулушу активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Облус башчысы Айбек Шаменов шаардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, куруучулардан маалымат алды. Учурда Курманжан датка жана Алымбек датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги 7 гектардык аянтта жайгашкан “Асман резиденс №1” турак жай комплексинде 12 кабаттуу үй курулууда. Анда 2364 батир болот. Курулуш иштери 6-кабатка жетип, 500гө чукул жумушчу тартылган.
Бул комплекс менен катар “Асман резиденс №2” жана “Асман резиденс №3” салынып жатат. Үч комплекстеги батирлердин жалпы саны 4116ны түзөт. Ар бир үйдүн алдында балдар аянтчасы жана спорттук аянтчалар, жер алдындагы унаа токтотмолор, коомдук жана соода жайлары каралган.
Маалыматка ылайык, ипотекалык турак жайлар Баткен облусунун бардык район-шаарларында жана чек арага жакын айылдарда да курулат. Тийиштүү жер тилкелери бөлүнүп, курулуш боюнча сунуштар жиберилген. Курулушту 2026-жылдын аягында бүткөрүү пландалууда.

