"Эркин-Тоо"
Аймактарда Жаңылыктар

Баткенде «Өрүк гүлү» эл аралык фестивалы өттү

22-апрель күнү Баткен шаарында «Өрүк гүлү» эл аралык фестивалы өттү. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Фестивалда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана кошуна Өзбекстан маамлекетинин Сох, Риштан райондорунан келген коноктор катышты.
Иш чарада өрүктөн жасалган азыктар коюлуп, өрүктүн жыгачынан жасалган буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле фестиваль концерттик программа менен коштолду.