"Эркин-Тоо"

Баткенде 2 жаштагы кызды сабоого шектелип өгөй атасы кармалды

Баткен районунда милиция кызматкерлери 2 жаштагы кызды сабаган деген шек менен өгөй атасын кармашты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-июнь күнү 2 жаштагы кыз Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факт ошол эле күнү милицияга кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

Баткен ОИИБдин ыкчам тергөө тобу түзүлүп, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уруп-сабап кыйноо» беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар болгондуктан кылмыш иши козголгон. Арыз менен таянеси кайрылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т. шектүү катары суракка алынып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!