Баткенде “Мамлекеттин өзөгү — үй-бүлө” аталышындагы үйлөнүү үлпөт иш-чарасы башталды. Бул тууралуу президенттин облус аймагындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чараны өкүлдүн аппараты жергиликтүү бийлик органдары жана “Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурууда.
Алгач борбордук мечитте жаш жубайлардын нике аземи өтүп, андан соң үйлөнүү той жана маданий иш-чаралар уланары айтылды.
Баткен облусунун ар кайсы аймагынан тандалган 25 жуптун үлпөтүнө жергиликтүү жетекчилер, демөөрчүлөр жана жакындары катышып, куттуктоолорун билдиришүүдө. Жаштарга белектер жана сертификаттар тапшырылат.
Иш-чаранын максаты — үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо, жаштардын келечегине дем берүү, коомчулукту биримдикке чакыруу жана кайрымдуулук маданиятын жайылтуу болуп саналат.

