"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Баткенде 4 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Баткен облусунда 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүү максатында төрт көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Иш-чаралар “КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан жүргүзүлүп, бардык иштер ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланды. Жаңылоо иштери министрликтин энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жана кайра куруу боюнча планынан алынган.

Кубаттуулугу жогорулатылган көмөк чордондор:

  1. “Животноводческая” (Баткен шаары, Кызыл-Жол): 10 000 кВА → 16 000 кВА

  2. “Исфана” (Лейлек району, Раззаков шаары): 6 300 кВА → 10 000 кВА

  3. “Үч-Коргон” (Кадамжай району, Үч-Коргон айылы): 4 000 кВА → 6 300 кВА

  4. “Кульдинская” (Кадамжай району, Күлдү айылы): 2 500 кВА → 4 000 кВА

Мындан сырткары, пландалган 8 айлык жумуштар толук аткарылып, жалпы 41 көмөк чордон кезектеги оңдоп-түзөөдөн, ал эми 5 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө Баткен облусундагы көмөк чордондордун саны:

  • 220 кВ – 2 даана

  • 110 кВ – 14 даана

  • 35 кВ – 34 даана

Көмөк чордондор кызматында жалпы 141 кызматкер иш алып барып, облус калкын туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо багытында күнү-түнү үзүрлүү эмгектенүүдө.