"Эркин-Тоо"

Баткенде баңгизат сатуу жана жеткирүү каналына бөгөт коюлду

Баткенде Афганистандан Тажикстан аркылуу Кыргызстанга гашиш баңгизатын ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кадамжай районунда 1978-жылы туулган Х.И.Р. аттуу жаран кармалып, анын жанынан оролгон баңгизат алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат салмагы 4 кг 776 грамм гашиш чайыры экени аныкталып, кармалган Х.И.Р. Бишкек шаарынын №1 Тергөө абагына киргизилди

Аталган факт боюнча мыйзамга ылайык, кылмыш иши козголуп, Х.И.Р. баңгизаттарды андан ары сатуу үчүн Өзбекстандын жарандарына берүүнү көздөгөнү аныкталган. Аталган кылмыштуу топ узак убакыттан бери Өзбекстанга гашиш маңзатын аткезчилик жол менен ташып, сатуу менен алектенип келгени белгилүү болгон.

Пример HTML-страницы