Улуттук статистика комитети күйүүчү майдын баасынын жогорулашы дале токтобой жаткандыгын билдирди. Комитет күн сайын калктуу конуштарда жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында АИ-92 бензинине болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 47,94 сомду түзгөнүн, ал эми дизель күйүүчү майынын баасы 44,15 сомду түзүп, дээрлик 6 пайызга жогорулады,-деп белгиледи. АИ-92 бензинине чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Баткен (бир литр үчүн 51,22 сом) табылган. Ал эми эң төмөнкү баа Балыкчы шаарында (бир литр үчүн 46,70 сом) жана Чаек айылында (бир литр үчүн 46,90 сом) катталган. Дизель күйүүчү майдын бааларынын максималдуу өсүшү өткөн ай менен салыштырмалуу Джалал-Абад — 8,5 пайызга, Балыкчы — 7,9 пайызгы жана Талас — 7,8 пайызга өскөн.