Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, операция 3-декабрда Кадамжай шаарындагы медициналык борбордо өттү. Жүрөгүнө операция жасалган 38 жаштагы аял буга чейин бөйрөк дарыта байланыштуу гемодиализ алып жүргөн. Алдыда анын бөйрөгүн алмаштыруу пландалгандыктан, дарыгерлер алгач жүрөгүнө операция жасоо боюнча чечимге келишкен.