28-майда Баткенде чек арачылар үчүн бир катар обьектилер пайдаланууга берилди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырып, жаңы аскер бөлүгүн көрүп чыкты жана 7 аскер бөлүгүнө күжүрмөн туу тапшырды.
Эске салсак, Кыргызстанда УКМКнын Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы белгиленүүдө.