"Эркин-Тоо"

Баткенде чет өлкөнүн үч жараны мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жеринен кармалды

Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, чет өлкөнүн жарандарын 52 жаштагы С.О., 27 жаштагы тургуну И.Б. жана 23 жаштагы тургуну Х.С. аныктап кармашты. Анткени бул жарандар Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, Баткен облусунун аймагында жүргөн жеринен кармалышкан.
Азыркы күндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!