"Эркин-Тоо"

Баткенде дайынсыз болгон орусиялык альпинист изделүүдө

21-февралда Баткенде орусиялык альпинистти издөө иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча,  12-февралда Баткен облусунун Лейлек капчыгайындагы бийиктиги 5350 метрлик “Аксу” чокусуна чыгып, акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. Андан соң альпинист менен байланыш үзүлгөн.

Учурда дайынсыз болуп жаткан жаранды издөөгө ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарындагы 3-өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 6, Лейлек райондук райондук ӨКБдан 1 куткаруучу жөнөтүлгөн. Жоголгон адамды издөөгө россиялк 3 альпинист кошулду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!