"Эркин-Тоо"
Аймак

Баткенде дамба жырылып, тургундар эвакуацияланды

ӨКМдин берген маалыматы боюнча 6-7-май күндөрү, Кадамжай районундагы Өрүкзар айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам № 12 дамба 4-5 жеринен жарылып кеткен. Буга байланыштуу 1 500гө жакын киши эвакуацияланып, суунун деңгээли төмөндөгөндөн кийин тургундар кайра үйлөрүнө кайтышты.