"Эркин-Тоо"

Баткенде эки ай ичинде экстремисттик багыттагы материалдарды тараткан 8 факты катталган

2023-жылдын 16-март күнү Баткен ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Баткен шаарындагы Эл аралык толеранттуулук фонду жана Кыргыз Республимкасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү менен биргеликте түзүлгөн иш-мерчемдин алкагында, экстремизмге жана терроризмге каршы туруу максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнө жана башка кызыкдар тараптарга «Коомчулукта радикалдашуунун жана экстремизмдин алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада семинар өткөрүштү.
Семинарда Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты, өлкөдөгү диний кырдаал, тыюу салынган экстремисттик, терорристтик уюмдар жана алардын материалдарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу презентациялар айтылды. Мындан сырткары экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө биргеликте иш алып барууну жакшыртуу боюнча практикаларын талкуулап, катышуучулар суроолоруна жооп алышты. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча стратегиялык документ: 2021-2026-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепсиясынын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы.
Баткен облус аймагында 2023-жылдын 2 ай аралыгында диний экстремизм багытында мыйзамсыз материалдарды таратууда 8 факт катталып, аныкталган жарандар мыйзам жоопкерчилигине тартылган.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!