"Эркин-Тоо"

Баткенде электр тарифтери боюнча түшүндүрүү иши өттү

Үстүбүздөгү жылдын 19-март күнү Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев энергетика министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана жетекчиликтер менен электр тарифтери боюнча жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда керектөөчүлөр электр энергиясынын балансы, энергетикалык тармактагы көйгөйлөр, анын ичинде акылдуу эсептегичтерди алмаштыруунун шарттары боюнча суроолоруна жооп алышты.